Кыргызстан президентинин жаңыланган сайты иштей баштады

© Sputnik / Жоомарт УраимовОфициальный сайт президента КР
Официальный сайт президента КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сайтта жарандардын кайрылуусун кабыл алуу системасы жөнөкөйлөтүлгөн.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргызстан президентинин жаңыланган расмий сайты иштей баштады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеде мындай өзгөрүүлөр биринчи кезекте технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу болгону айтылат. Сайттын жаңы версиясы компьютер, ноутбук, уюлдук телефон менен планшеттерде да иштейт.

"Негизги басым маалыматтын окумдуулугуна жасалды. Ошондой эле фотогалереяны бардык түзүмдөргө жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Иш кагаздары, фото жана видео материалдар менен иштөө жөнөкөйлөштүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, "жарандардын кайрылуусун" кабыл алуу системасы жөнөкөйлөтүлүп, бир нече графаларды толтуруу менен кайрылууну жөнөтүү мүмкүн болду.

Сайт мурдагы www.president.kg дареги боюнча жеткиликтүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0