Төө куш баккан үй-бүлө: бир жашка чыккандарын 1000 доллардан сатабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековСтраусиная ферма Самудинова и Таабалдиевой в селе Байтик
Страусиная ферма Самудинова и Таабалдиевой в селе Байтик - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кулбоосун Шамудинов менен Дамира Таабалдиева Кыргызстанда ишкерликтин өзгөчө түрү менен алектенген бүлөнүн катарын толуктайт. Жубайлар 16 жылдан бери төө куш багып, андан сырткары, шаардын четине чакан зоопарк да ачышкан.

— Эмне үчүн кой, жылкы же башка өзүбүз билип-көргөн жандык эмес, төө куш багууну чечтиңиздер?

Кулбоосун Шамудинов: — "Төө куш баксаң өзүн актайт, киреше жакшы болот" дегенди угуп калып, чакан ишкерлигибизди 2002-жылы баштаганбыз. Аны укканда теңтуш-туугандардын айрымдары "төө куш багууга Кыргызстан ыңгайлуу эмес" деп шылдыңдап коюшкан. Бирок тобокелдикке бардык. Жер тилкелерибизди, батирибизди сатып бардык каражатты ушул ишке салдык. Казакстан, Россиядан жумуртка басып чыгара турган чоңураак төө куштан алтыны алдырдык. Чек арадан оңой менен өткөрбөй жатып, араң келишкен. Ар бирин эки миң доллардан сатып алганда жалпы 12 миң доллар кетти. Мындай каражатка ал кезде бир батир келчү. 

— Кантип көбөйттүңөр?

Племенной форелеводческий завод Адлер - Sputnik Кыргызстан
Форель багам дегендерге жардам берет элем. Көлдүк ишкер менен маек
К.Ш: — Инкубатор менен көбөйттүк. Бирок башында аябай кыйналдык. Себеби төө куштун жөжөлөрү өтө назик келет экен, 10 жумуртка салсак, анын бешөөнөн эле жөжө чыгат. Алардын жашап кетээр-кетпеси да күмөн. Башында жөжө чыкпай, өлүп, аябай капа болуп, эмгегибиздин баары текке кетти го деп ойлогонбуз. Бирок бара-бара өздөштүрүп, ыгын биле баштагандан кийин көнүп кеттик. Казакстанда 400 төө кушу бар ишкерди угуп, кеңеш сураганы ага да барып көргөм. Айтор, ар кайсы ыкманы колдонуп жатып, 2-3-жылдан кийин анын санын 85ке жеткирдик. Бирок ал кезде Кыргызстанда төө кушка кызыккан адам аз болчу, киреше да албай калганбыз. Ошентип кайра азайтып отуруп, учурда 30дай эле төө куш калды.

— Эптеп көбөйтүп алып анан кайра азайттыңарбы?

К.Ш.: — Көбөйткөн менен төө куштун өзүн сатып алгандар аз. Анын үстүнө биздикилердин чөнтөгүнө туура келе бербейт. Мисалы, Түркияда бул жандыктын терисинен сумка, бут кийим чыгарыш үчүн ишкерлер кымбат баада сатып алат. Ал жакта төө куштун терисинен жасалган бут кийимдер 500 доллардан кем эмес. Ал эми Кыргызстан азыр антип тери иштетпейт да. Анткен менен жумурткасы өтүмдүү.

— Инкубатор менен бир бастырганда канча жөжө чыгат?

Дамира Таабалдиева: — 10ду салсак, 42 күндөн кийин андан беш же алтоо чыгат. Негизи жаз-күз мезгили жөжө чыгара турган учурлар. Азыр чогултуп баштадык.

— Негизи төө куштар өздөрү басып жөжө чыгарабы?

Д.Т: — Көп деле басып чыгарбайт. Бирок бизде былтыр кызыктуу учур катталган. Андайды 16 жылдан бери биринчи жолу көрдүк. Түнкүсүн ургаачысы, күндүз эркеги 25 күндөй алмак-салмак басып жатып анан туруп кетишкен. Аягына чейин баспагандыктан жумуртка жарабай, жөжө чыкпай калды.

— Төө куштун өзү да, жумурткасы да баалуу дешет. Бир жумурткасын канчадан сатасыздар?

К.Ш: — Инкубацияга ылайык жумурткалардын бир даанасы 5000 сомдон сатылса, жегенге 3000 сомдон беребиз.

— Көлөмү да чоң экен. Бирөө канча кишиге жетет?

Топоздор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Топоз баккан атбашылык миллионер кыз: 28 жашымда атамдын мал-жаны мага өткөн
Д.Т: — Төө куштун жумурткасы абдан даамдуу. Мен дайыма конок тоскондо экинчи тамакка жумурткасы же эти менен бир тамак жасап берем. Бир жумурткага 15тей киши тоет. Үйдө киши аз болсо, анын башын кичине эле тешип, таякча салып аралаштырып бир аз куюп алып калганын муздаткычка салып койсо тура берет. Эгер аны сууга бышыргыдай болсо 2 саат кайнатыш керек. Анын сырты да катуу болгондуктан, туристтер сатып алып, сыртына сүрөт тартып кайра сувенир кылып сатып жиберишет же белек катары берсе болот.

— Сыртын канчага сатасыңар?

Д.Т.: — 500 сом. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБир жашка чыккан төө кушту ээлери 1000 доллардан сатат
Бир жашка чыккан төө кушту ээлери 1000 доллардан сатат - Sputnik Кыргызстан
1/5
Бир жашка чыккан төө кушту ээлери 1000 доллардан сатат
© Sputnik / Табылды КадырбековДамира Таабалдиева: этинин даамы жылкыныкындай
Дамира Таабалдиева: этинин даамы жылкыныкындай - Sputnik Кыргызстан
2/5
Дамира Таабалдиева: этинин даамы жылкыныкындай
© Sputnik / Табылды КадырбековКулбоосун Шамудинов: арпа, беде, чөптү кадимки малга даярдагандай күзүндө жыйнап алабыз да кышы менен ошону беребиз.
Кулбоосун Шамудинов: арпа, беде, чөптү кадимки малга даярдагандай күзүндө жыйнап алабыз да кышы менен ошону беребиз. - Sputnik Кыргызстан
3/5
Кулбоосун Шамудинов: арпа, беде, чөптү кадимки малга даярдагандай күзүндө жыйнап алабыз да кышы менен ошону беребиз.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанда төө куштун өзүн сатып алгандар аз
Кыргызстанда төө куштун өзүн сатып алгандар аз - Sputnik Кыргызстан
4/5
Кыргызстанда төө куштун өзүн сатып алгандар аз
© Sputnik / Табылды КадырбековИнкубацияга ылайык жумурткалардын бир даанасы 5000 сомдон сатылса, жегенге 3000 сомго бааланат
Инкубацияга ылайык жумурткалардын бир даанасы 5000 сомдон сатылса, жегенге 3000 сомго бааланат - Sputnik Кыргызстан
5/5
Инкубацияга ылайык жумурткалардын бир даанасы 5000 сомдон сатылса, жегенге 3000 сомго бааланат
1/5
Бир жашка чыккан төө кушту ээлери 1000 доллардан сатат
2/5
Дамира Таабалдиева: этинин даамы жылкыныкындай
3/5
Кулбоосун Шамудинов: арпа, беде, чөптү кадимки малга даярдагандай күзүндө жыйнап алабыз да кышы менен ошону беребиз.
4/5
Кыргызстанда төө куштун өзүн сатып алгандар аз
5/5
Инкубацияга ылайык жумурткалардын бир даанасы 5000 сомдон сатылса, жегенге 3000 сомго бааланат

— Этинен да экинчиге тамак жасайм деп калдыңыз. Этин да жесе болобу?

Д.Т: — Албетте. Этинин даамы жылкыныкындай. Конок тоскондо андан гриль, манты, куурдак, ал тургай бешбармак жасап, шорпосун ичебиз. Көпчүлүк учурда кышында төө куштар чуркап жыгылып буту-колу сынып калат. Биз аны союп этин муздаткычка салып коебуз. Этин алабыз дегендер да чыгат, бир килограммы 3000 сомдон.

— Эти 3000, жумурткасы 4000-5000 болсо төө куштун өзү деле бир топ кымбат болсо керек?

Д.Т.: — Жөжөсү 300 доллар, ал эми бир жаштагылары 1000 доллардан. Чоңойгон сайын баасы жогорулай берет.

Юрист, каратист и фермер Бообек Нурматов - Sputnik Кыргызстан
Айыл элин бекер машыктырган Москва чемпиону Бообек: элеттен да миллион тапса болот
— Булар кандай тамактанышат? Эмне бересиңер?

К.Ш: —Арпа, беде, чөптү кадимки малга даярдагандай күзүндө жыйнап алабыз да кышы менен ошону беребиз. Жазында витаминдүү кылып атайын сабиз, капуста сыяктуу жашылча берип туруш керек. Ургаачыларына жумурткалары күчтүү болсун деп кальций сыяктуу витаминдерди кошуп коебуз. Негизи бир төө куш күнүнө 4 килограммдан жем-чөп жейт.

— Төө куштан сырткары зоопаркта башка да жаныбарлар бар экен…

Д.Т: — Биз төө куш бага баштаганда элдин баары кызыгып, кошуналардын балдары короодон секирип кирип көрүшчү. Алардан угуп башкалары да көргөнү келе баштады. Кийинчерээк балдарыбыз тоос, тоту куш сатып бергиле деп калды. Аларды алгандан кийин үйгө улам бирөө көрүп келе бергендиктен чакан болсо да зоопарк ачып коюуну туура көрдүк. Жаныбарлардын баарын чет өлкөдөн алдыртабыз. Азыр бизде Европадан алып келинген элик, фин тоок, короздору, өзгөчө түрдөгү кой, пони, коен, тоостор бар. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЕвропадан алынып келген элик
Минизоопарк в селе Байтик - Sputnik Кыргызстан
Европадан алынып келген элик

— Алдыдагы пландарыңар тууралуу айта кетсеңиздер.

К.Ш.: — Азыр төө куштарды көбөйтпөй эле зоопаркты кеңейтип заманбап кылып жасасакпы деп ойлоп жатабыз. Себеби Бишкекте чоң зоопарк деле жок экен. Бирок ага азырынча каражат бир аз тартыш болуп жатат. Бирок бара-бара бул жерге заманбап зоопарк ачылат деген ниеттебиз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЗоопарктан кооз тоосторду да көрүүгө болот
Минизоопарк в селе Байтик - Sputnik Кыргызстан
Зоопарктан кооз тоосторду да көрүүгө болот

— Мындан башка да жумушта иштейсиздерби?

Д.Т.: — Жолдошум мамлекеттик кызматта, тагыраагы "Тазалык" ишканасында иштейт. Анын убактысы аз болгондуктан ферманы мен көзөмөлдөп, көп убактым ушул жакта.

Жаңылыктар түрмөгү
0