Жаңы үйлүү болгондо ыйладым. Өзгөндө 20 жылдыктар пенсионерге там салып берди

© Фото / Нургазы КожоевБул үйдү Капал Кулматов атындагы орто мектепти 1998-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр пенсионерге куруп берди
Бул үйдү Капал Кулматов атындагы орто мектепти 1998-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр пенсионерге куруп берди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айылдаш аялга үй куруп берүү үчүн классташтардын алды 15 миң, ал эми арты 5-6 миң сомдон чогулткан. Арасында соодагери, аскер кызматкери, фермери жана мигранты да бар.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районундагы Кашка-Терек айылындагы мектепти 20 жыл мурда бүтүргөндөр айылдашы, жакыр жашаган пенсионер аялга үй куруп беришти. Бул туурасында аталган айыл башчы Мавлян Аданбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

"Балдар жакшы иш кылышты. Бул Кашка-Теректеги эң биринчи саамалык. Үйлүү болгон Пазилат Акматалиева 25-майда үйүнө кирейин деп турат", — деди Аданбаев.

Колдоого аларлык мындай демилгени баштагандардын бири, курулуш, акча чогултуу иштери менен чуркап жүргөн Кашка-Терек айылынын тургуну Акылбек Алимкановду кепке тарттык.

"Бул тууралуу кеп алты ай мурда башталган. Бир ирет райборборго топ ойногону барганда мектепти бүткөнүбүздүн 20 жылдыгын белгилөө тууралуу сүйлөшүп, анан ушундай чечимге келдик. Ресторанга барып, ичип-жеп тарап кеткенден көрө бир үй-бүлөгө болсо да жакшылыгыбыз тийсе жаман эмес дедик да, акырындап даярдыкты баштадык", — деп айтып берди Алимканов.

© Фото / Нургазы КожоевБул үйдү Капал Кулматов атындагы орто мектепти 1998-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр пенсионерге куруп берди
Бул үйдү Капал Кулматов атындагы орто мектепти 1998-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр пенсионерге куруп берди - Sputnik Кыргызстан
1/4
Бул үйдү Капал Кулматов атындагы орто мектепти 1998-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр пенсионерге куруп берди
© Фото / Нургазы КожоевПенсионерди үйлүү кылуу үчүн 22 бүтүрүүчү асты 15 миң, арты 5-6 миң сомдон чогулткан
Пенсионерди үйлүү кылуу үчүн 22 бүтүрүүчү асты 15 миң, арты 5-6 миң сомдон чогулткан - Sputnik Кыргызстан
2/4
Пенсионерди үйлүү кылуу үчүн 22 бүтүрүүчү асты 15 миң, арты 5-6 миң сомдон чогулткан
© Фото / Акылбек АлимкановЖүрөк жылыткан бул ишти Өзгөндүн Кашка-Терек айылында эле эмес, Бишкекте, Россияда жашап-иштеп жаткандар ишке ашырыптыр
Жүрөк жылыткан бул ишти Өзгөндүн Кашка-Терек айылында эле эмес, Бишкекте, Россияда жашап-иштеп жаткандар ишке ашырыптыр - Sputnik Кыргызстан
3/4
Жүрөк жылыткан бул ишти Өзгөндүн Кашка-Терек айылында эле эмес, Бишкекте, Россияда жашап-иштеп жаткандар ишке ашырыптыр
© Фото / Нургазы КожоевҮйдү тургузууга болжол менен 300 миң сомго чукул акча кеткен
Үйдү тургузууга болжол менен 300 миң сомго  чукул акча кеткен - Sputnik Кыргызстан
4/4
Үйдү тургузууга болжол менен 300 миң сомго чукул акча кеткен
1/4
Бул үйдү Капал Кулматов атындагы орто мектепти 1998-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр пенсионерге куруп берди
2/4
Пенсионерди үйлүү кылуу үчүн 22 бүтүрүүчү асты 15 миң, арты 5-6 миң сомдон чогулткан
3/4
Жүрөк жылыткан бул ишти Өзгөндүн Кашка-Терек айылында эле эмес, Бишкекте, Россияда жашап-иштеп жаткандар ишке ашырыптыр
4/4
Үйдү тургузууга болжол менен 300 миң сомго чукул акча кеткен

Биздин маектеш бул үй-бүлөнүн социалдык абалынан улам там салып берүүнү чечкендигин билдирди.

"Үч баланын энеси, 59 жаштагы Пазилат Акматалиеванын уулу мындан бир нече жыл мурда каза болуп калган, учурда колунда бир кызы бар экен. Ал кишинин жашап турган үйү кар эмес, катуу жамгырга туруштук бере албаган абалда болчу. Анан ушул бүлөгө жардам берүүгө токтолдук", — деди Алимканов.

Бул жакшы ишти ошентип 1998-жылы Капал Кулматов атындагы орто мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр жүзөгө ашырды.

Айылдагы колдоого муктаж жашоочунун үйлүү кылуу үчүн 22 бүтүрүүчү асты 15 миң, арты 5-6 миң сомдон чогулткан. Анын аркасынан жалгыз бой аялга баш-аягы 300 миң сомго эки бөлмөлүү үй тургузуп беришти.

Көптөргө үлгү боло турган, жүрөк жылыткан бул ишти Кыргызстандын Кашка-Терек айылында эле эмес, Бишкекте, Россияда жашап-иштеп жаткан балдар ишке ашырыптыр.

Курулган үйдүн салтанаттуу ачылышы - Sputnik Кыргызстан
Ак-Талаа: айылдаш жигит үйү жок төрт балалуу энеге там салып берди
"Классташтарым ашып-ташып кеткен байлыгы болбосо да, кайрымдуулук, адамдын адамга жардам көрсөтүүсү керек деген ниетте жасашты. Албетте, бул ар бир адамдын өзү үчүн да жагымдуу бир ирмемдерди тартуулайт экен. Үйдү толугу менен бүтүп, тапшырып бердик", — деди активист бүтүрүүчү.

Алардын арасында соодагери да, бизнесмени да, дыйканы да, малчысы да, аскер кызматкери да, мекенинен алыс жүргөн мигранты да бар экен.

Жаңы үйдүн кожойкеси Акматалиева биз менен сүйлөшкөндө улам-улам ыраазылыгын айтып, айылдаш балдарды алкады. Ал көп жыл мектептин полун жууп жүрүп, андан соң пенсия чыгыптыр.

"Балдарга рахматымдан башка эч нерсе айта албай турам. Алардын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук, аманчылык каалайм. Жакшылыктан куру болушпасын. Албетте, мындай камкордукка сүйүндүм, ыйладым", — деди кубанычын, ыраазылыгын билдирген Акматалиева.

ЖККУнун Кант авиабазасынын аскерлери Жеңиш майрамын утурлай Ленинград блокадасынын катышуучусу Зоя Замковаяга жардам беришти - Sputnik Кыргызстан
Ленинград блокадасына катышкан жалгыз бой аялга жардам берилди
Ал 25-майда эл чакырып, анан үйүнө кирүүгө даярданып жаткандыгын бир кубанып, бир толкунданып айтып берди.

Ал эми кошуналарынын бири жаңы үйгө жаңы оокат-тиричиликтерди, жаңы төшөктөрдү тигип, белек кылууга камданып жаткандыгын айтып берди.

Кыргызстанда мектепти бүткөндүгүнө 10, 20, 30 жыл болгондор аны дүңгүрөтүп белгилөөгө кете турган каражатты социалдык багытка бурган тенденция басымдуулук кылып бара жаткан чак. 

Жаңылыктар түрмөгү
0