Фмыркайдын тушоосун кесип жаткан бала. Архив

Жибин кайчы менен кеспейт! Тушоо кесүүдөгү 6 "болбойт"

2799
(жаңыланган 19:12 26.05.2018)
"Наристенин мындан аркы жолу шыдыр болуп, жашоосунда кыйынчылыкка кабылбай чоңойсун" деген тилек менен кыргыз эли ымыркайдын тушоосун кескен.

Жөрөлгөнү жасоодо эмнелерди эске ала жүрүү керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигине этнограф Динара Молдокулова менен Ат-Башы районунун тургуну Жумаш Океева айтып берди.

Баланын тушоосу баскандан кийин кесилбейт. Ымыркай чалынбай, жыгылбай басып кетиши үчүн ата-энеси ал кас-кас туруп калганда эле тушоосун кестиргени оң.

Тушоосу кесилчү баланы жаштар жетелебейт. Той берген тараптан баланы эч ким жетелебейт. Көпчүлүк учурда бир колунан таенеси же таятасы, ал эми экинчи колунан айылдын мартабалуу, нарктуу, улуу адамдары кармаган. Соңунда той ээлери аларга сөзсүз бир белек ыроолоо керек.

Баланын бутун жөнөкөй жип менен байлабайт. Баланын чоң энеси же таянеси тушоо тойго атайын ак жана кара жүндөн эшип жип даярдап коет. Ак жана кара жүндөн кылганы — "жашоодо ак менен кара, кубаныч менен кайгы, күн менен түн бирге жүрөт, ошонун баарына бала чыдап, сабырдуу болуп жашасын" деген тилеги. Айрым жерлерде ата-энеси той бүткөндө ала жипти жакшылап майлап туруп "бала оттой жалындап чоңойсун" деп өрттөп жиберет.

Баланын тушоосун кайчы менен кеспейт. Баланын ата-энеси атайын тушоо кесүүгө ыроолоп бир бычак же маки даярдап койгон. Ал бычакты марага биринчи келген бала алат.

Чуркагандарды куру кол калтырбайт. Мурда той ээлери белекке биринчи келгенге тай коюп, мал энчилешкен. Андан сырткары, эркек балдар эр жүрөк болсун деп камчы, чылбыр берсе, кыздарга жоолук, ийне сыяктуу белектерди тартуулашкан. Азыркы учурда балдарга көпчүлүк учурда оюнчуктар ыроолонуп жүрөт.

Той батасыз аяктабайт. Кыргыздын каадалары элден бата алуу максатында жасалат. Тушоо кесүү салтынын соңунда ата-эне сөзсүз баласына бата сурайт. Батаны баланын тай жагы эмес чоң атасы же айылдын кадыр-барктуу адамдары берет.

2799
Белгилер:
той, каада-салт, тушоо кесүү, Кыргызстан
Тема:
"Болбойт" рубрикасы (83)
Тема боюнча
Жаманкулова: тушоо кесүүдө ала жип атайын эшилет
Ала жип, тызылдаган балдар. Тушоосу кесилбеген бала эмне болот?