ӨКМ: Ысык-Көл менен Нарында үшүк жүрөт

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүЖашылчадагы кар. Архив
Жашылчадагы кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай үшүк жылуулукту сүйгөн айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн кооптуу.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. 25-майга караган түнү Ысык-Көл жана Нарын облустарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бирдирмеге караганда, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0…-2° градуска түшөт. Бул жылуулукту сүйгөн айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн кооптуу экени айтылды.

Чукул кырдаалдарды жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында ӨКМ тарабынан элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0