Онкология борборунун башчысы Тилеков: энем өлсө кантип ыйлайм деп сарсанаа болдум

© Sputnik / Табылды КадырбековОнкология жана гематология борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков
Онкология жана гематология борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир ирет боор рагы тууралуу материал жасайын деп Онкология жана гематология борборунун жетекчиси менен байланышсам, жол тыгында кетип баратканына карабай далдоо жерге унаасын токтото коюп адистин телефон номерин жөнөткөн.

Негизи эле Эрнис Тилеков абдан ачык сүйлөп, бетке айткан киши. Ал бейтаптардан рак илдети тууралуу жашырган туура эмес экенин айтып, журналисттер оору жөнүндө чындыкты жазышы керек деген ойдо.

Эрнис Тилеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп, жетекчилик кызматка кантип келгенин, онкология жана гематология борборлорунун биригиши кызматкерлерге кандай таасир эткенин жана хирургдун ишинин күңгөй-тескейи тууралуу айтып берди.

— Жетекчиликке чейинки жолду катардагы солдаттан тарта командирге чейин жеткен даражага салыштырып жүрүшөт. Сиз деле башында дарыгер болсоңуз керек?

Учурда Улуттук хирургия борборунун ашказан жана он эки эли ичеги оорулары бөлүмүнүн жетекчиси, жогорку даражадагы хирург Болот Иманов - Sputnik Кыргызстан
Жансыз бейтапты кучактап ыйлап, кечирим сурадым... Хирургдун маеги
— 1977-84 жылдары Фрунзедеги медициналык институтта билим алдым. Хирург болуп калышыма залкар дарыгер Мамбет Мамакеевичтин таасири чоң. Студент кезде аны телевизордон гана көрүп, радиодон тыңдачубуз. 2-курсумда шаардык №2 клиникалык оорукананын (азыркы улуттук хирургия) операциялык бөлүмүнө санитар катары жумушка орноштум. Иш учурунда хирургиянын бир топ кызыктуу учурларына күбө болуп, келечекте өзүмдү ушул тармактан гана көрөм дедим.

Ошентип санитардан тарта медага, дарыгер, хирург, бөлүм башчы, жетекчинин орун басарына чейин көтөрүлдүм. Өмүрүмдүн эң сонун убагы Улуттук хирургия борборунда өттү. Былтыркы жылдын февралынан тарта иш ордумду таштап Улуттук онкология жана гемоталогия борборун жетектей баштадым.

— 40 жылга чукул бир жерде иштеп, анан өзүңүз тааныбаган жерге дароо жетекчи болуп баруу кыйын болсо керек. Жаңы кесиптештер кандай кабыл алды?

— Андай нерсе үч уктасам түшүмө кирген эмес. Былтыр саламаттык сактоо министрлигинин ошол кездеги башчысы Талант Батыралиев Онкологиялык борборду жетектеп беришимди сунуштады. Дароо баш тарттым. Себеби ал жактагы жамааттын ыркы кеткенин, саясатташкан иштери арбын экендигин укчумун. Талант Абдуллавич куулук кылып кетти окшойт, жетекчим Мамбет Мамакеевге кирип "балдарыңызды өзүңүз эле кармап отура бербей, эл менен да бөлүшүңүз" деп көндүргөн экен.

Бизге Мамбет Мамакеевичтин сөзү — мыйзам. Кабинетине чакырып "сени кууган жерим жок, өзүңдү сынап көр" деди. Үй-бүлө, дос, тааныш дегендин баары орун которушума каршы болду.

Жаңы кесиптештердин арасында сүйүнгөнү, анча жактырбагандары да бар эле. Мага күч-кубат, дем бергени — коллективдин 70-80 пайызы, өзгөчө жаштар колдоду.

Директор Бишкекского научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Сабырбек Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
Сабырбек Жумабеков: кабинетке бекинип алып ыйлайм
Жетекчиликке келгенден кийин деле кетип калсамбы деп жүрдүм. Артка кайткандан бир чети намыстандым. Бирок ишти жөндөп кеттим деп ойлойм. Онкологиялык борбордун имаратына кыска убакытта оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, бүгүн 80 пайыздайы жаңыланды. Жакында заманбап аппараттарды сатып алуу үчүн тендер өткөрөлү деп турабыз. Кыргызстандагы көзгө басаар медициналык борборлордун бирине айланабыз деп ишенем. Мындан сырткары, тышы жалтырак, ичи калтырак болбойлу деп кесиптештерди биримдикке үндөп келем. Коллективде 700дөй адам бар. Кой аксагы менен миң дегендей, ыркты бузган адамдар да болбой койбойт экен. А бирок иш билги сапаттарында сөз жок.

Жетекчимин деп кагаз иштери менен жүрө бербестен операцияларды да жасайм. Мурда хирург катары ички органдарды гана дарттан арылтсам, азыр эң оор деген рактын операциясын да жасаганды үйрөнүп жатам.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭрнис Тилеков: Улуттук онкология жана гематология борборун жетектеп калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес
Директор Национального центра онкологии и гематологии Эрнис Тилеков - Sputnik Кыргызстан
Эрнис Тилеков: Улуттук онкология жана гематология борборун жетектеп калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес

— Мурда Гемоталогия борбору өзүнчө эле, аны былтыр онкология менен бириктирбедиби? Эки борбордун кошулушу жетекчи менен кызматкерлерге кандай таасир этти?

— Азыркыга чейин бириктиргендин кереги жок болчу деген пикир бар экен. Маселен, Гематология борборунда бейтаптар үчүн элүү керебет бар болчу. Бизде ал бир бөлүмдүн эле керебеттери болуп эсептелинет. Негизи кандын рагы менен онколог дарыгерлер алектенет. Керек болсо Казактсандагы ири институттар холдинг катары биригип жатат. Биз үнөмдөөгө басым жасадык деп ойлойм. Пикир келишпестиктер деле болгон жок. Болгону гематологиянын башчысы бөлүм башчыга айланса, калганы мурдагы кызматтарын аткарып жатат.

— Коомдо "рак" деген сөздү уккандар кудай сактасын деп жакасын кармайт. Анын себеби да бар, оору өтүшүп кетсе өлүмгө жетелейт эмеспи. Айтсаңыз, Онкология борборунда иштөө моралдык жактан оорбу?

— Өзгөчө балдар онкологиясына киргенде жаман болом. Таң эрте дарыгерлерден отчет алып жатканда тогуз жашар бала кандын рак оорусунан инсультка кабылганын көрүп жүрөгүм ооруду.

Рак илдетин жеңген кыргызстандык айымдардын укмуштай кулпурушу - Sputnik Кыргызстан
Рак илдетин жеңген кыргызстандык айымдардын укмуштай кулпурушу
Бейтапка оорусун угузуу, туугандары менен иштешүү өтө эле кыйын. Бизди оорулуулардын дартын айтпагыла дей беришет. Мен чындыкты айткан туура деп эсептейм. Айтат десе бетке чаппай, акырын сылап-сыйпап түшүндүрүш керек. Ооба, башында шок болот, маанайы чөгөт, кайгыга батат. Бирок жан таттуу. Өзүнө келгенден кийин оору менен күрөшүүгө өтөт. Биз жашырган учурда деле өлөөрдө билет экен.

Бир нерсеге өкүнгөн жайым бар. Таанышым жоон ичегинин рагына кабылганда бир жарым жылдай жашырдык. Ичер суусу аз калганда дарты тууралуу билип "Эрнис, эмнеге оорумду жашырдың, айтып эле койсоң эмне" деп атпайбы.

— Гиппократтын дарыгерлик антын бузуп жатам деп ойлобойсузбу?

— Гиппократтын айтканынан бери бир топ жыл өттү. Түшүнүктөр да өзгөрдү. Маселен, чет өлкөдө өлүмдүн божомолун ачык эле айтат. Бул юридикалык маселерге да жардам берет. Кыргыздарда каада-салт, баалуу түшүнүктөр да бузулду. Өлгөндөн кийин мүлк талашып тууган менен тууган соттошуп жатат.

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук онкология борборун жетекчиси Эрнис Тилеков: бизди оорулуулардын дартын айтпагыла дей беришет. Мен чындыкты айткан туура деп эсептейм. Ооба, башында шок болот, маанайы чөгөт, кайгыга батат. Бирок жан таттуу
Директор Национального центра онкологии и гематологии Эрнис Тилеков - Sputnik Кыргызстан
Улуттук онкология борборун жетекчиси Эрнис Тилеков: бизди оорулуулардын дартын айтпагыла дей беришет. Мен чындыкты айткан туура деп эсептейм. Ооба, башында шок болот, маанайы чөгөт, кайгыга батат. Бирок жан таттуу

— Ар бир хирургдун мүрзөсү бар деп коюшат экен. Бул баягы бейтапты сактай албаган учурга тиешелүү эмеспи…

— "Менин күнөөм жок, ката кетирген эмесмин" деп операция жасап көрбөгөн хирург айтышы мүмкүн. Бейтаптын каза болушу — трагедия. Операциядан жакшынакай чыгып эле ойдо жок жерден кете бергендер болот.

Улуттук хирургияда иштеп жүргөндө жаш кыздын өтүндөгү ташын алганбыз. Саламаттыгы дурус эле болчу. Бир убакта оорлошо баштады. Колубуздан келгендин баарын жасадык, сактай алган жокпуз. Ичин ачтырып өлүмүн аныктайын десем, уруксат беришкен жок. Азыркыга чейин эмнеден каза болду деп түпөйүл ойдо жүрөм.

Мамбет Мамакеевич айткандай, "миң жакшы операцияңды бир ийгиликсиз операция булгайт". Телефонум шыңгыраса эле жүрөгүм болк эткен адат таап алгам. Кайсыл убак болбосун, бейтаптарым эсиме түшө берет. Балким каза болду деп айтабы же дарты оорлошуп кеттиби деп эсим чыга берет.

— Хирургдар мерез болуп калат дегенге кандай карайсыз?

— Биз бейтаптар менен кошо кайгырабыз. Хирург, тескерисинче, боорукер болушу керек. Көбү Мамбет Мамакеевичти катаал киши деп ойлойт. Бул киши абдан жароокер, апасын абдан жакшы көрөт.

Девочка Жаркынай, которая переборола рак - Sputnik Кыргызстан
Рактан айыккан 7 жашар кыздын чоң апасы: ооруну уулума угуза албай канча жүрдүм
Бир ирет китебинен окудум эле. Анда апасы турмуш шартка байланыштуу балдарына көк сүт алып келип берчү экен. Ошондой күндөрдүн биринде жаан жаап, алыста келе жаткан апасынын карааны көрүнбөй калат. Мамбет атты жайдак минип коктуга түшсө, энеси сүтүн төгүп алып ыйлап отуруптур. Экөөбүз кучакташып алып ыйладык дейт. Апасы балдарынын курсагына санаа тарткан экен. Кийин жумуштар менен ошол жерден өтүп калганыбызда Мамбет Мамакеевич "ушул кокту болчу, Эрнис" деп жашыган.

Былтыр бутумду кокустатып алып 20 күн үйдө жаттым. Чынында кор болот экенсиң. Ошондо бейтаптарым эске түшүп "ай байкуштар, ай" деп кейидим. Кыргызда "алты саның аман болсун" деген сөз бекеринен эмес экен.

Бейтап менен кошо кейийт десе, бырылдап отуруп албаш керек. Кайраттуу болгон туура. Илгери чоң энем "мен өлгөндө жакшылап өкүрүп кой" деп суранчу. Анан мен иш менен жүрүп каза болгондорго көнүп калыпмын, куран окуткан жерлерге барганда көзүмөн бир тоголок жаш чыкчу эмес. Эми энем өлгөндө ыйлай албай элге шерменде болбосом экен деп сарсанаа болчумун. Жок, керек болсо токтоно албай эле ыйлайт экенсиң. Энем каза болгондо араң сооротушкан.

— Рактын түрлөрү боюнча бир канча материал жасап калдык. Дарыгерлердин айрымдары негативди азыраак жазышыбызды өтүнчү. Негизи эле олуттуу оорулар тууралуу азыраак маалымат берилиши керекпи?

— Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат. Тамекинин сыртына деле коркунучтуу сүрөт чыгып жатпайбы. Кээде адамдарга катуу айткан жарашат. Андыктан журналисттердин оору тууралуу ачык жазганын колдойм.

© Sputnik / Табылды КадырбековТилеков: кагаз иштери менен жүрө бербестен операцияларды да жасайм. Мурда хирург катары ички органдарды гана дарттан арылтсам, азыр эң оор деген рактын операциясын да жасаганды үйрөнүп жатам
Директор Национального центра онкологии и гематологии Эрнис Тилеков - Sputnik Кыргызстан
Тилеков: кагаз иштери менен жүрө бербестен операцияларды да жасайм. Мурда хирург катары ички органдарды гана дарттан арылтсам, азыр эң оор деген рактын операциясын да жасаганды үйрөнүп жатам

— Дарыгерлердин айлыгы аз экендиги жашыруун эмес. Ошол себептен сол чөнтөгү иштеп кетет деген уу-дуу кептер бар…

— Суроону түшүндүм. Тааныштарыман алкоголь адамдын талабыбы же оорусубу деп сураганымда, мага үч күн тамак бербей коюшса эмне кыласың дешти. Мен жалбарам, кайыр сурайм, болбосо уурдайм деп айткам. Арак ичкендер да ушул сыяктуу, бул — талап деп жооп беришкен.

7-8 миң айлык менен өзүңдү каржылоо кыйын. Бул акча менен үй-бүлө баккандар бар. Мындай учурда медицинаны ташташ керек же уурдаганга туура келет. Албетте, колдобойм, кызматкерлерди уятка чыгарып келем. Айлыкты көтөргүлө деп талап кылгандан башка арга жок. Дагы жакшы, аз да болсо медайымдардын айлыгы көтөрүлүп калды. Мурда жумуштан кетпе деп жалынчу элек, азыр кезек күткөндөр арбыды.

— Сиздин айлыгыңыз өзүңүзгө жетеби?

— Мен жалпысынан 14 миң сом алам. Жубайым туберкулез оорусу боюнча дагыгер. Кызым банкта иштесе, уулум Бириккен Улуттар Уюмунунда иштейт. Кыскасы, балдарыбыз кем-карчыбызды жаап турат.

— Дарыгерлик ишиңизде эмне өкүндүрөт?

Больница Эдуарда Херрио в Лионе. Франции - Sputnik Кыргызстан
Келер бекен? Чет элдиктердин өмүрүн сактап жүргөн кыргызстандык ак халатчандар
— Совет доорунда дарыгердин даражасы бийик эле. Космонавт менен учкучтан кийинки орунда болчубуз. Элдин баары сыйлап, оозубузду карап турчу. Дарыгер да ошого жараша интеллектиси жогору, тарбиялуу, үлгүлүү эле. Азыр бир нерсе болсо эле дарыгерлерди тепкилеп киришет. Бир ооздон "акча алат, таш боор, кара мүртөз, карабай койду, ишин билбейт" деп мүнөздөшөт. Эмне себептен мындай акыбалга келдик, билбейм, күнөө өзүбүздөбү же элдеби, айтор, таң калам.

— Рак ооруларын алдын алуу боюнча кандай аракеттер жүрүүдө?

— Азыр рак ооруларынын ичинен аялдарынын эмчек рагы менен жатын моюнчасынын шишиги күч алды. "Скрининг" жүргүзүүнү пландап жатабыз. Бул соо адамды медициналык жактан кароо. Бардык ооруну убагында көзөмөлдөсөк илдеттен аз да болсо арылабыз деп ойлойм.

Жакында эле Сочи шаарында КМШ жана Евразия өлкөлөрүнүн онколог жана радиолог адистерининин конгресси өттү. Ортодо пикир алышып, тажрыйба алмашуу болду. Андан кийин Минск шаарында 60 өлкөнүн дарыгерлери катышкан ири иш-чарада рактын алдын алуу боюнча талкуу жүрдү. Ал жактан мыкты адистер менен таанышып, келечекте иш алып баруу боюнча алака түздүк.

Жаңылыктар түрмөгү
0