Мамлекеттик ипотека берүү убактылуу токтотулду. Себеби

© Sputnik / Михаил ДудинТурак үйлөр. Архив
Турак үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жеткиликтүү турак жай" программасы боюнча үч миңге чукул киши там-таштуу болгон.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Мамлекеттик ипотека берүү каражаттын жоктугунан убактылуу токтогонун "Мамлекеттик ипотекалык компания" ишканасынын башкаруучулугунун төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди.

Анын айтымында, компания быйылкы жыл үчүн каралган 500 миллион сомдун баарын берип бүттү. Ушу тапта акча тартуу иштери жигердүү жүрүп жатат.

"Насыя берүүнү убактылуу токтоттук. Дагы 500 миллион сом бөлүү боюнча өкмөттүн токтомунун долбоору даяр болду. Каражат бериле турган жарандардын тизмеси бар. Акча түшөрү менен насыя берилет", — деди Шамкеев.

Ипотека берген банкттардын шарттары - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ипотекалык насыя берген банктар жана акча алуунун шарты. Тизме
Компаниянын жетекчиси токтомдун долбоору министрликтердин макулдашуусунан өтүп, Жогорку Кеңештин комитеттери тарабынан колдоого алынышы керектигин белгиледи. Шамкеев каражат июндун башында түшүп каларын кошумчалады.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик ипотеканын коюму 8-10 пайызды түзөт. "Жеткиликтүү турак жай" программасы боюнча үч миңге чукул киши там-таштуу болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0