Бүгүн Бишкекте замапбап биомедициналык лаборатория ачылат

Жазылуу
Иш-чарага кыргыз жана немис окумуштуулары, Германиядан келген медиктер катышат.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бүгүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында биомедициналык лабораториянын ачылышы болорун окуу жайдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, Бишкекте заманбап биомедициналык лаборатория ачуу демилгеси Европа биримдигине таандык болсо, аны немис окумуштулары ишке ашырып жатат.

"Бишкекте мурда деле жан-жаныбарларга эксперимент жүргүзүлгөн чакан биомедициналык лаборатория бар болчу. Бирок жаңы лаборатория заманбап жабдуулар менен камсыздалып, окумуштуулар үчүн бир топ мүмкүнчүлүктөр ачылат", — деп түшүндүрүштү академиядан.

Иш-чарага кыргыз жана немис окумуштуулары, Германиядан келген медиктер катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0