Борбор калаанын Ала-Тоо конушундагы №82 орто мектептин оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аягына чыкканын муниципалитеттен кабарлашты

Курулбай жатып чөгүп, чуу болгон"Ала-Тоодогу" мектеп кайра оңдолду

128
(жаңыланган 00:00 26.05.2018)
Учурда ведомстволор аралык комиссия бүткөрүлгөн иштин сапатын текшерип жана техникалык талаптарга дал келүүсүн карап жатат.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Борбор калаанын "Ала-Тоо" конушундагы №82 орто мектептин оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аягына чыкканын муниципалитеттен кабарлашты.

  • Борбор калаанын Ала-Тоо конушундагы №82 орто мектептин оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аягына чыкканын муниципалитеттен кабарлашты
    Борбор калаанын "Ала-Тоо" конушундагы №82 орто мектептин оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аягына чыкканын муниципалитеттен кабарлашты
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Оңдоо иштерин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев барып көргөн
    Оңдоо иштерин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев барып көргөн
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Белгилей кетсек, Ала-Тоо конушунда 2015-жылы жаңы салынган мектептин пайдубалы үч жылга жетпей 10-20 сантиметрге чөгүп кеткен.
    Белгилей кетсек, "Ала-Тоо" конушунда 2015-жылы жаңы салынган мектептин пайдубалы үч жылга жетпей 10-20 сантиметрге чөгүп кеткен.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 3
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Борбор калаанын "Ала-Тоо" конушундагы №82 орто мектептин оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аягына чыкканын муниципалитеттен кабарлашты

Оңдоо иштерин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев барып көргөн.

Белгилей кетсек, "Ала-Тоо" конушунда 2015-жылы жаңы салынган мектептин пайдубалы үч жылга жетпей 10-20 сантиметрге чөгүп кеткен. Ызы-чууга түшкөн билим берүү мекемесин март айынын башында кайрадан оңдоого аргасыз болушкан. Анда жер төлөсүндө жайгашкан ашкана, устакана жана башка көмөкчү бөлмөлөрдүн астынан суу чыга баштаган.

Учурда ведомстволор аралык комиссия бүткөрүлгөн иштин сапатын текшерип жана техникалык талаптарга дал келүүсүн карап жатат.

Ошондой эле мектепти алгач толук куруп бүтүргөн "СМУ-3" курулуш компаниясы кайра калыбына келтирүүнү да өз мойнуна алган.

Казакстандын президенти тарабынан бөлүнгөн каражатка салынган мектептин үч жылга жетпей урай башташынын себеби эмнеде, мектепти кайсы компания канча сомго курганын Sputnik Кыргызстан агенттиги иликтеп чыккан.

128
Белгилер:
оңдоо, курулуш, мектеп, Ала-Тоо жаңы конушу
Тема боюнча
Назарбаев бөлгөн акчага салынган Бишкектеги мектеп кайра жасалып жатат. Видео
Нарында жети жыл мурда салынган мектеп урап калуу коркунучунда турат. Сүрөт
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөр. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

133
(жаңыланган 21:04 20.06.2021)
21-июнга караган түнү республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен, Талас облустарында жана өлкөнүн дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Талас жергесинде +31...+36, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын аймагында +18...+23 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +33...+35, ал эми Чолпон-Ата шаарында +20…+22 градуска чейин жетет.

133
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, июнь
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы

Тактаны чачырата тепти. Асман менен баскан балдардын кызыктуу видеосу

130
(жаңыланган 20:29 20.06.2021)
АКШ менен Түштүк Кореянын тхэквондочуларынан куралган топ популярдуу болгон America"s Got Talent сынагынын көрүүчүлөрү менен калыстарын абдан таасирлентти.

Алардын суктанткан номери YouTube каналга жүктөлгөн. 

Аталган балдар-кыздар Олимпиадага чакырылып, бирок коронавирустун айынан болгон өзгөрүүлөрдөн улам ага катыша албай калганы айтылган. Дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарага катыша албай калган спортчулар азыркы сынакка катышып көрүүнү чечкен.

"Бизди Олимпиадага чакырышкан, бирок пандемиядан улам оюнду өткөрүү мөөнөтү жылып кетип, ага катышууга мүмкүнчүлүк болбой калды", — деген топтун лидери.

Эки өлкөнүн таланттуу, шамдагай спортчуларынын бул шоу-номери көргөн адамды кайдыгер калтырбайт. Алардын бир нече метр бийиктикке секирип баратып, жолунан кездешкен такталарды бир нече бөлүккө чачырата тепкенин көрүүгө болот.

Андан сырткары балдар-кыздар кызыктуу бийлерди, акробаттык чеберчиликтерин көрсөткөн.

Спортчулардын талантына таасирленген калыстар тобунун мүчөсү, теле алып баруучу Терри Крюс дароо эле финалга жолдомо берген алтын баскычты басып, залды да, тхэквондочуларды да бактылуу кылган.

America's Got Talent — теледолбоору ар кыл таланттарды өзүнө чакырган кызыктуу шоу. Анын байге фонду миллион доллар.

130
Тема боюнча
Укмуш номер болуптур! Атайдын бий тобу Кытайдагы сынакта финалга чыкты. Видео