"Арт-футболго" катышкан кыргызстандыктарга "Город 312" кайрылуу жасады

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүПервая Российская национальная музыкальная премия
Первая Российская национальная музыкальная премия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал видеону Светлана Назаренко Facebook баракчасына жүктөгөн.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Белгилүү "Город 312" тобу "Арт-футбол" футбол-музыкалык фестивалдын алдында кыргызстандык артисттерди колдоп, видео кайрылуу жасады.

Ал видеону топтун мүчөсү Светлана Назаренко Facebook баракчасына жүктөгөн.

"Арт-футбол" фестивалы Москвада 23-майдан 3-июнга чейин өтөт. Ага 16 өлкөдөн барган эстрада жана кино жылдыздары катышат. Кыргызстандыктар Венгрия, Голландия, Израил, Иран жана Эстониянын артистеринен куралган "Интер" командасында ойномокчу. Алар "D" тобунда Германия, Сербия жана Түштүк Корея менен кармашат.

Кыргызстандын атынан Адил Чекилов жана Толон Турсуналиев атуу эки музыкант катышмакчы. Светлана Назаренко (Ая) башында турган "Город 312" тобу жердештерине ийгилик каалады.

2015-жылы аталган фестивалга Кыргызстандын өзүнүн курама командасы барып катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0