Газ плита. Архив

Ош, Токмок, Бишкек шаарларынын айрым көчөлөрү эки күнгө газы жок калат

49
(жаңыланган 14:20 29.05.2018)
Оңдоо иштери шаар тургундарын жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатканы айтылат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын маалымат кызматы оңдоо иштеринен улам Ош, Токмок, Бишкек шаарларынын айрым көчөлөрүнө газ берүү үзүгүлтүккө учурай турганын кабарлады.

Маалыматта оңдоо иштери шаар тургундарын жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Газ өчө турган көчөлөр:

— 29-30-майда Ош шаарынын Курманжан Датка, Молдониязов, Чкалов көчөлөрүндө жана Кулатов кичи районунда;

— 30-майда Токмок шаарынын Биринчи Май, Береговая, Казакстан, Пионер көчөлөрүндө;

— 31-майда Сокулук айылынын Индустриальный, Октябрдын 50 жылдыгы, Торговый, Краснодар көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

— 30-31-майда Төмөнкү Ала-Арча айылынын Кыргыз, Западный көчөлөрүндө;

— 30-31-майда Бишкек шаарынын Асаналиев, Кочкор, Матыев, Островский көчөлөрүнүн, Матыев, Р.Люксембург, Абдыкадыров, Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

— 31-майдан 1-июнга чейин Бишкек шаарынын Хвойный, Крым, Аул көчөлөрүндө газ болбойт.

49
Белгилер:
көчө, газ, ОсОО "Газпром Кыргызстан"
Тема боюнча
Кайсы күндөрү жаан жаап, күн ысыйт? Бир жумага карата аба ырайы
Ош шаарынын негизги көчөлөрүндө беш күнгө газ өчөт