2000 сомдук купюра өз баасынан 6 эсе жогору сатылып жатат. Себеби

Жазылуу
Аталган купюра жасалышы жагынан дүйнөдөгү эң татаал акчалардын бири болуп саналат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Россиянын "Мешок" деп аталган интернет-аукционунда баштапкы наркы 9999 рублге бааланган 2000 сомдук купюра коюлду.

Аталган акчаны нумизматикалык баалуулугуна карабастан кадимки төлөм каражаты катары жүгүртүүдө. Бул Кыргызстандын тарыхындагы биринчи эстелик купюра болуп саналат. Саны чектелүү, кайра басып чыгаруу да каралган эмес. Банкнота өткөн жылдын 17-ноябрынан тарта сатыкка чыккан.

"АА жана АВ деген болгону эки сериясы бар. Номери — АВ 0000021. Раритет", — деп жазылган жарыяда.

Жаңы банкнотанын жасалгасы вертикалдуу. Анда Манастын эстелиги түшүрүлүп, эпостон үзүндү келтирилген.

2000 сомдук жасалышы жагынан дүйнөдөгү эң татаал акчалардын бири болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0