Эркек мүнөз! Айгүл Рыскуловага орден тапшыруу сунушталды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек шаарынын экс-вице мэри Айгүл Рыскулова
Бишкек шаарынын экс-вице мэри Айгүл Рыскулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык кеңештин депутаттары Рыскулова вице-мэрлик кызматты мыкты аркалаганын белгилешти.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бишкек шаардык кеңештин бүгүнкү жыйынында экс-вице мэр Айгүл Рыскуловага шаардык кеңештин орденин тапшыруу сунушу түштү.

Айгүл Рыскулова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кеткени белгилүү болду.

Депутаттар жыйын учурунда Рыскулова шаардын өнүгүшүнө, өзгөчө социалдык маселелердин чечилишине чоң салым кошконун белгилешти.

"Аял эле болбосо эркек мүнөзү бар. Шаарда белгиленген мааракелерди өткөрүүгө кошкон салымы дагы зор", — деп депутат Канатбек Музуралиев билдирген.

Ал эми калаа башчысы Албек Ибраимов Рыскулованын шаардын жакшырышына кошкон салымы тууралуу айтып өткөн.

"Социалдык блок чынында оор жана жоопкерчиликтүү. Рыскулованын жетекчилиги алдында социалдык маселелер бир топ жакшы жакка чечилди", — деди мэр.

Ал ошондой эле Рыскуловага кийинки ишинде албан-албан ийгиликтрди каалады.

Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев сыйлык тапшыруу боюнча атайын комиссия бар экенин, маселе ошол жакта караларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0