Муфтият Кадыр түн качан болорун айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКак кыргызстанцы провели Кадыр тун
Как кыргызстанцы провели Кадыр тун - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтият буга чейин орозо 15-июнда же 16-июнда аяктарын айткан.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кадыр түн Кыргызстанга 11-июндан 12-июнга караган түнү болорун муфтияттан билдиришти.

"Кадыр түн июндун 11инен 12исине карганда болот, бирок бул түн Рамазандын акыркы 10 күнүнүн так күндөрдүн биринде жашырылган", — деп айтышты муфтияттан.

Битир-садага берип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтият битир-садаганын өлчөмүн бекитти
Кыргызстандыктар Кадыр түндү былтыр, 2017-жылы, 21-июндан 22-июнга караган түнү тоскон.

Муфтияттан былтыр Кадыр түн орозонун 27сине караган түнү белгиленерин айтышкан. Ал эми быйыл орозо 15 же 16-июнда аяктай турганы белгилүү болгон.

2018-жылдын Орозо календарын: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) маалын бул жерден көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0