"Кант" базасынын аскерлери КР куралдуу күчтөрүн кыргыз тилинде куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование 25-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке на площади Ала-Тоо
Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Авиабазанын башчысы Кыргызстандын аскер кызматкерлерине айткан каалоолорун видеодон көрүңүздөр.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. ЖККУнун "Кант" авиабазасынын штабынын жетекчиси Денис Сафонов аскер кызматкерлерин КР куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөн күнү менен кыргыз тилинде куттуктады.

Куттуктоо видеосу авиабазанын Facebook баракчасына жарыяланган.

"Урматтуу кесиптештер! Россиялык аскер кызматкерлери менен ЖККУнун "Кант" авиабазасынын атынан кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Аймак ичинде коопсуздукту камсыздоо үчүн биргеликте жүргүзгөн аракеттер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Мындай кадамдар Борбор Азиядагы терроризм коркунучун басаңдатат", — деп Сафонов билдирген.

Ал ошондой эле аскер кызматкерлерине ийгилик каалап өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0