Матраимовдун үйүн карагыла! Депутат бажычылардын үйүн текшерүүнү талап кылды

Жазылуу
Эл өкүлү бажы тармагындагы коррупция менен күрөшүп, тийиштүү кишилерге прокуратуранын эрки жетер-жетпесине кызыкты.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов башкы прокурордон "бажы кызматында жетекчилик кызматта иштегендердин ар биринин үйүн текшерүүгө прокуратуранын эрки жетеби", деп суроо салды.

Эл өкүлү жакында эле кармалып, мамлекетке миллиондогон сом зыян алып келди делген борбордук бажы кызматынын мурдагы жетекчисин мисал катары айтты.

"Мына бир эле борбордук бажы кызматынын башчысына таандык делген үйдү ЖМКлар көрсөтүп, кеминде эле беш миллион долларга салынганы айтылды. Раим Матраимовдун үйүн карагыла, андан мурдагы директордун үйүн карагыла. Ар бир бажычынын үйүн карап көргүлөчү. Алар өзүлөрүнө жазылган эмес, бирок ошол жакта жашап жатышпайбы. Бажы тармагындагы коррупцияга чекит коюп, камай турчуларды камоого эркиңиз жетеби?" — деди Мадеминов.

Өз кезегинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов текшерүү жүргүзүүгө жана кылмыш иштерин козгоого эрки жете турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ушул жылдын апрель айынын аягында бул кызматка дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0