Кыздар айтпайт! Жарамазанга байланыштуу 8 "болбойт"

© Sputnik / Табылды КадырбековКак кыргызстанцы провели Кадыр тун
Как кыргызстанцы провели Кадыр тун - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орозо айы жарамазан айтуу менен коштолот эмеспи. Кыргыздын салты катары калыптанып калган жарамазанды илгери кедейлер айтып, колунда бар адамдардын үйүн каккылап ырдап, кардын тойгузуп, андан соң батасын берген. Аны менен катар эл ичинде "кимдин үйүнө жарамазан айтып барса, кут кирет" деген түшүнүк орун алган.

Элдик каада деп эсептелген жарамазан айтуунун өзүнүн шарт-талабы бар. Аларды Sputnik Кыргызстан агенттигине этнограф Октябрь Капалбаев түшүндүрүп берди.

Айт-намаз на старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Дары ичпейт, чылым чекпейт! Орозодо ооз бекиткендерге 10 "болбойт"
Жарамазан орозо менен эле дароо башталбайт. Аны орозонун 20-күнүнөн кийин, акыркы жумаларында айтышкан. Ыйык түндө жерге периштелер түшүп, адамдын каалоо-тилектери аткарылат деген ишеним жашаган. Андыктан, Кадыр түндө айыл кыдырып, жарамазанчылар таң атканга чейин ырдашкан.

Жарамазан күндүз айтылбайт. Көчмөн кыргыз эли малын короого киргизип, ооз ачкандан кийин гана оюн-зоокту баштаган. Мындан улам, жарамазан айтуу да кеч кирип, эл ооз ачкандан кийин жанданган.

Кичине балдар айтпайт. Жарамазанды балакаттан өткөн, башкача айтканда, 12 жаштан өйдө, бойго жеткендер — бозойлор айткан. Алар жарамазанды да жөн эле айтпастан, маани-маңызына жараша аспаптын коштоосунда ырдашкан.

Кыздар айтканга болбойт. Жарамазанды кыздар эч качан айткан эмес. Элибизде кыз киши бир үйгө ырдап бармак түгүл, караңгыда сыртка чыккан орунсуз деп эсептелген.

Чала-чарпыт айтылбайт. Жарамазан — бир-эки саат ырдала турган ыр. Аны да уйкаштыра, куюлуштура сүйлөгөн, акындык өнөрү бар жигиттер айткан. Төрт-беш сап менен будамайлап коюу жарамазан деп эсептелбейт.

2018-жылдын орозо календары - Sputnik Кыргызстан
2018-жылдын Орозо календары: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) маалы
Балдар бата бербейт. Кыргыздын салт-санаасы боюнча оозунда сөөлү, таңдайында мөөрү бар очор-бачарлуу, бала-чакалуу, турмушта көп нерсеге жетишкен адамдар гана бата бере алган. Баланын алакан жайып, акыл айтышы осол иш деп саналган.

Жарамазан айткандарды куру кол кетирбейт. Кыргыз босогодогу кишини эч качан кубалап, "кет" деген эмес. Ал тургай душманы келсе да тосуп алган. Жарамазан айткандарды үйдөн тамак берип же баштыгына бир нерсе салып узатышкан.

Жалгыз киши айтпайт. Жарамазан жамааттын ыры болгондуктан жок дегенде аны 5-6 адам айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0