Душманды жалгыз жок кылган. Генерал-майор Дайыр Асанов тууралуу 7 факты

© Фото / из личного архива Дамира АсановаСоветтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов
Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын алган кыргыздын залкар инсаны генерал-майор Дайыр Асанов тирүү болгондо бүгүн 96 жашка чыкмак. Урпактар үчүн өз өмүрүн тобокелге салып, каардуу согушта болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөткөн Асановду бүгүн эскерип отурабыз.

Тогуз жыл мурда дүйнө салган Дайыр Асанов Улуу Ата Мекендик согуштун Кыргызстандагы акыркы баатыры эле. Sputnik Кыргызстан агенттиги улуу инсандын урматына ал тууралуу кызыктуу фактылар менен окурмандарды тааныштырат.

© Фото / из личного архива Дамира АсановаГенерал-майор Дайыир Асанов Советтик Армиянын катарына 1942-жылы кошулган
Герой Советского Союза, генерал-майор Дайыр Асанов - Sputnik Кыргызстан
Генерал-майор Дайыир Асанов Советтик Армиянын катарына 1942-жылы кошулган

Дыйкандын жалгыз баласы. Генерал-майор Дайыр Асанов 1922-жылы 30-майда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Жалгыз бала болгонуна карабай, эмгекчил, билимге умтулган зээндүү өспүрүм эле. Ал 1941-жылы мектепти ийгиликтүү аяктайт. Аскерге чакырылганга чейин колхоздо эсепчи жана айылдагы мектепте мугалим болуп иштеген. Асанов Советтик Армиянын катарына 1942-жылдын алгачкы күндөрүндө кошулган.

Алгачкы эрдик. Дайыр Асанов Улуу Ата Мекендик согушка ошол эле 1942-жылы Сталинград фронтунда аткычтар артиллериялык полкунун 31-танктарга каршы жеңил артиллериялык бригадасында замбирек мээлөөчүсү катары баштаган. Андан соң Дон, Түштүк-Чыгыш, Степной, 2-Украина фронтторунда душман менен салгылашкан. Жаш жоокер каардуу согушта дароо эле эр-жүрөк, тайманбас мүнөзүн көрсөткөн. Жыйырмага жаңы толгон Асанов бүт дүйнөнү каптаган алааматка жаңы эле кадам таштаган кезинде замбиреги менен душмандын танкасын өрттөп, курал-жарак жүктөлгөн унаасын жок кылган. Бул үчүн "Согуштагы эрдиги үчүн" медалы менен сыйланган.

© Фото / из личного архива Дамира АсановаТөрт сааттан ашуун убакыт чегинбей душмандын мизин кайтаргандыгы үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын алган
Герой Советского Союза, генерал-майор Дайыр Асанов - Sputnik Кыргызстан
Төрт сааттан ашуун убакыт чегинбей душмандын мизин кайтаргандыгы үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын алган

Окко карабай кармашкан. 1942-жылдын 26-сентябрдагы Сталинградды душмандан бошотуу үчүн болгон согушта көрсөткөн эрдиги анын атын дагы бир жолу бүт өлкөгө даңазалаган. Ошол күнү Асанов душман менен болгон кармашта төрт танк, алты замбирек, курал ташыган алты унаа жана отузга жакын немис аскерин жок кылган. Асанов бул кармашта эки жолу ок жеп, катуу жаракат алганына карабастан душманга чабуул жасаганды токтоткон эмес. Сталинград алдындагы согушта көрсөткөн эрдиги жана тайманбастыгы үчүн "Кызыл Жылдыз" жана Улуу Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы ордендери менен сыйланган.

Рейхстагга орнотулган СССРдин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Согуш 9-майда бүткөн эмес. Текселде аккан кан, өзүнө мүрзө казган жоокерлер
Жалгыз баатыр. Бирок, Дайыр Асановду согуштагы эң чоң сыноо али алдыда күтүп жаткан эле. 1943-жылы 23-мартта Украинанын Харьков шаарынын алдында болгон кармашта ал болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөткөн. Душман советтик армияны туш тараптан каптап келип аёосуз чабуулга өткөн.

Асмандан "жааган" бомбалардан улам советтик аскерлер кыйрап, бир гана Дайыр Асанов башчылык кылган бир нече жоокер тирүү калган. Асанов сан жагынан алда-канча көптүк кылган душманга каршы согуш талаасында жалгыз туруштук берген. Курал башына өзү өтүп, душмандын үч жолку танк менен чабуулун токтотуп, сегиз танкын, үч брондуу унаасын жана кырктай немис аскерин жок кылган. Төрт сааттан ашуун убакыт чегинбей душмандын мизин кайтарган жоокерге советтик бийлик жакшы баа берип Ленин ордени, "Алтын жылдыз" медалы менен сыйлап, Советтер Союзунун Баатыры наамын ыйгарган.

© Фото / из личного архива Дамира АсановаДайыр Асанов согуштан кийин 1956-жылы Ленин атындагы аскердик-саясий академияны аяктаган
Герой Советского Союза, генерал-майор Дайыр Асанов - Sputnik Кыргызстан
Дайыр Асанов согуштан кийин 1956-жылы Ленин атындагы аскердик-саясий академияны аяктаган

Согуштан кийин. Дайыр Асанов согуштан кийин 1946-жылы Ульяновск танктык окуу жайын, андан соң Ташкенттеги жогорку танктык окуу жайды, 1956-жылы Ленин атындагы аскердик-саясий академияны аяктаган. Билимин өркүндөткөн соң Республикалык аскерий комиссариаттарда жана бир катар аскерий кызматтарда иштеген. 1951-1955-жылдар аралыгында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинде депутат болгон. 1985-жылдан 1996-жылга чейин өз демилгеси менен негиздеген офицер кесибине даярдоочу аскердик-лицейди жетектеген. 2005-жылы ал лицейге Дайыр Асановдун ысмы ыйгарылган. 1994-жылы генерал-майор чининде отставкага чыккан.

Нарындын кызына жолугуусу. Дайыр Асанов жубайы Жамал Асанова менен 1951-жылы Жумгалда аскердик кызматта жүрүп таанышкан. Ал убакта али лейтенант болгон Асанов медицина окуу жайын жаңы аяктап, медайым болуп иштеп жаткан жаш кызды бир көрүп эле жактырган. Жамал Асанова да Советтер Союзунун Баатыры катары сый үстүндө жүргөн зыңкыйган аскер кызматкеринин көңүлүн кайтарган эмес. Экөө сүйлөшүп жүрүп ошол эле жылы чогуу түтүн булата башташкан. 58 жыл чогуу жашаган жубайлар төрт уулду тарбиялашкан.

© Фото / из личного архива Дамира АсановаДайыр Асанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейине баатырдын эстелиги тургузулуп, музейи ачылган
Дайыр Асанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейине баатырдын эстелиги тургузулуп, музейи ачылган - Sputnik Кыргызстан
1/2
Дайыр Асанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейине баатырдын эстелиги тургузулуп, музейи ачылган
© Sputnik / Михаил ДудинАнын аты Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан Жеңиш сейил багына берилген
Анын аты Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан Жеңиш сейил багына берилген - Sputnik Кыргызстан
2/2
Анын аты Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан Жеңиш сейил багына берилген
1/2
Дайыр Асанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейине баатырдын эстелиги тургузулуп, музейи ачылган
2/2
Анын аты Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан Жеңиш сейил багына берилген

Артында аты калган баатыр. Урпактардын келечеги үчүн жанын берүүдөн кайра тартпаган Дайыр Асановдун эрдиги унутулбай келет. Анын аты Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан Жеңиш сейил багына берилген. 2012-жылы бул бакта Ленинградды коргоого катышкан аскерлердин урматына эстелик тургузулган. Ошондой эле Дайыр Асанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейине баатырдын эстелиги тургузулуп, музейи ачылган. Ал "Жаштарды аскерий-патриоттук тарбиялоо", "Жер бетинде жашоо үчүн" жана "Командирдин ыйык парзы" аттуу эскерүү китептерин жазган. Улуу Ата Мекендик согушта Советтер Союзунун Баатыры наамын алган көзү тирүү акыркы кыргызстандык Дайыр Асанов 2009-жылы 18-сентябрда көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0