Атактуу суучул, сууда сүзүү боюнча СССРдин эл аралык спорт чебери, Кыргызстандагы XX кылымдын эң мыкты спортчусу аталган, Европанын, СССРдин чемпиону Ахмед Анарбаев

Ысык-Көл менен Байкалды сүзүп өткөн суучул Ахмед Анарбаев тууралуу 7 факты

(жаңыланган 14:58 01.06.2018)
30-майда атактуу суучул, сууда сүзүү боюнча СССРдин эл аралык спорт чебери, Кыргызстандагы XX кылымдын эң мыкты спортчусу аталган, Европанын, СССРдин чемпиону Ахмед Анарбаев 70 жашка толду. Бул адам кезегинде Ысык-Көл, Беринг кысыгын жана Байкал көлүн туурасынан сүзүп өткөн.

Даңазалуу суучул тууралуу 7 фактыны спорттук журналист Кабыл Макешов сунуштайт.

Суу дүйнөсү жана 13 жаш. Ахмед Анарбаев 1948-жылы 30-майда Кара-Балта шаарында туулган. Ата-энеси Бишкек калаасына көчүп келет да, 13 жашында сууда сүзүү менен машыга баштаган. Шаар биринчилигинде үч аралыкта I орунду ээлеп, адистердин көңүлүн бурган. Алгачкы устаты Владимир Быков болгон. Кийин устаттар Венномин Ахрамеевден, Рустам Хамзинден таалим-тарбия алган.

Кыргыздардан чыккан алгачкы кесипкөй суучул. Анарбаевди айрымдар өңү-түсүнө карап улуту өзбек деп жаңылыш айтып жүрүшөт. Ал кыргыздардан чыккан алгачкы кесипкөй суучул. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия инсититутун бүткөн. Кыргызстандан алгач ирет олимпиадалык оюндарга катышкан биринчи суучул. КРди Маданиятына эмгек сиңирген ишмер болсо дагы персоналдык пенсия албай калган. Атактуу суучул учурда 8 миң сом гана пенсия алат.

Чемпион, рекордчу, байгелердин ээси. Спорттогу жетишкендиктери. 1968-жылы Мексиканын борбору Мехико шаарында өткөн жайкы олимпиадалык XIX оюндарга катышкан. 1968-69-жылдары СССРдин чемпионатында коло байге уткан. СССР элдеринин IV спартакиадасында (1967-жылы) 5-орунду ээлеп, Европа кубогунда 4х200 метрлик эстафеталык сүзүүдө алтын медаль уткан. Дүйнөлүк студенттердин Универсиада оюндарында (1970-жылы) эки күмүш медалдын ээси болгон. Ошондой эле Барселонадагы Европа биринчилигинде II орунду камсыз кылган. Сууда сүзүү боюнча 20дан ашык рекорддун ээси. СССРдин, Европанын рекорддорун бир нече ирет жаңырткан. Спорт ардагерлердин арасында сууда сүзүү боюнча СССРдин, Европанын көп жолку жана дүйнөнүн чемпиону болгон.

Ысык-Көлдү туурасынан үч ирет сүзүп өткөн. Албетте, бул көптөрдү таңгалдырган. Биринчи жолу 1982-жылы Кызыл-Суудан (мурдагы Покровка) Ананьево айылына чейинки 36 чакырым аралыкты 11 саатта сүзүп өткөн. Экинчи ирет 1985-жылы Тамга айылынан Чолпон-Ата шаарында чейинки 60 чакырымдан ашуун аралыкты багынтууга камынып, кечки саат жетиде аттанган. Ошол учурда Ысык-Көлдө шамал ойноп, жамгыр жаап, толкун түрүлүп, суу муздак болгонуна карабай чыныгы эрдик көрсөтүү менен алты саатка чейин сүзүп барган. Аны коштоп жүргөн теплоходдогу адистер үч ирет жоготуп, биринчисинде 1 саат 20 мүнөттөн кийин, экинчисинде 40 мүнөттөн кийин, үчүнчү ирет 20 мүнөттөн кийин араң табышкан. Ошондуктан коопсуздук үчүн алты сааттан соң бул демилге токтотулган. 1991-жылы росиялык, казакстандык суучулдар менен биргеликте кайрадан баягы өнөрүн колго алган. Үч ирет Тамга айылынан Чолпон-Ата шаарында чейинки суу ичиндеги 60 чакырымдан ашуун аралыкты 12 саатта басып өткөн.

Беринг жана Байкалдагы каармандык. Анарбаев Россия жана АКШ суучулдары менен бирге Беринг кысыгында да ушул каармандыгын кайталаган. Беринг кысыгындагы Ратманов аралынан Кичи Диомид аралына чейинки 33 чакырымды басып өткөн. АКШ виза бербей койгондуктан, марафон андан ары уланбай калган. Мындан тышкары Байкал көлүндөгү муздак сууда сүзүү марафонунун катышуучусу болгон. Ал россиялык, казакстандык суучулдар менен бирге 36 чакырымды да 12 саатта сүзүп өткөн

Кыргызстанский пловец участвовавший в Олимпийских играх 1968 года Ахмед Анарбаев во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Анарбаевди Улуттук олимпиада комитети Кыргызстандагы ХХ кылымдагы эң мыкты спортчусу деп атап, Алтын орден менен сыйлаган

Сууда сүзүү федерациясын негиздеген инсан. Анарбаевди Улуттук олимпиада комитети Кыргызстандагы ХХ кылымдагы эң мыкты спортчусу деп атап, Алтын орден менен сыйлаган. Бул адам өлкөбүздүн сууда сүзүү федерациясын негиздеп, биринчи президенти болуп, суучулдарды даярдоого зор салым кошкон. Учурда Бишкек шаарында жашайт.

"Спирт ичимдигин татпы көргөн жан эмесмин". Анарбаевди ушул жашка келгени пиво жана арак ичип көргөн эместигин айткан жайы бар. Сууда сүзүүдөн сырткары гребля, кайык спорту менен да алектенип, тоодо чуркоону адат кылып алган. Кызыкчылык үчүн жеңил атлетика жарыштарына да катышкан учурлары болгон. Учурунда СССРдин тандалма командасынын Кыргызстандагы мамлекеттик машыктыруучусу болуп, беш жыл иштеген. Кийин Кыргызстандын тандалма командасынын башкы устаты болуп, жаштарга сууда сүзүү сырларын үйрөткөн. Өз каражатына ардагер спортчулар арасындагы дүйнө, Европа чемпионаттарына катышып жүрөт. Жубайы Татьяна Анарбаева кесиби-котормочу, учурда ардактуу эс алууда.

Белгилер:
суучул, чемпион, спорт, Ахмед Анарбаев, Ысык-Көл, Кыргызстан
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (387)
Тема боюнча
Бокс менен машыгып, 34 жашында студент болгон. Тууганбай Абдиев тууралуу 6 факты
Акжол Махмудов 19 жашта! Келечекте көптү үмүттөндүргөн балбан тууралуу 9 факты
Ооруканада палатадагы капельница. Архив

Бишкекте уу коргошунга ууланып төртүнчү бейтап ооруканага түштү

(жаңыланган 22:48 20.04.2021)
Учурда бейтап Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу экени айтылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ушуну менен борбор калаада уу коргошунга ууланган төртүнчү бейтап катталганы маалым болду. Бүгүн аталган ооруканага 71 жана 67 жаштагы жубайлар түшүп, алдын ала диагнозу "аконитке уулануу, аритмогендик шок" деп коюлган.

Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады. 

Уу коргошун чуусу

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду

Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.

Белгилер:
Бишкек, уулануу, бейтап, оорукана, Ысык-Көл тамыры, уу коргошун
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун ичкендерден кагаз жүзүндө уруксат алган эмеспиз. Министрдин маеги
Милиция кызматкерлерин фуражкалары. Архив

Айзада киши колдуу болгон жердин сүрөтүн жарыялаган 3 милиционер жазаланды

(жаңыланган 22:52 20.04.2021)
Анын ичинде кылмыш катталган жерге медициналык кол капты таштап салуу фактысы боюнча да иликтөө жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Айзада Канатбекова киши колдуу болгон жердин сүрөтүн жарыялаган үч милиция кызматкери жазаланды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөт, анын ичинде кылмыш катталган жерге ташталган медициналык кол каптар боюнча фактынын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн башкы максаты милдетин так аткарбай, көңүл кош мамиле жасаган кызматкерлерди жоопко тартуу болгон.

Ким кандай жаза алды:

  • Аламүдүн РИИБдин жоруктар бөлүмүнүн кызматкери, милициянын лейтенанты А. Экеевге катуу сөгүш;
  • Аламүдүн РИИБдин криминалдык милиция кызматынын жетекчиси, милициянын майору К. Самаевге катуу сөгүш;
  • Аламүдүн РИИБдин Криминалдык топту коштоп жүрүүчү инспектор-криминалист, милициянын капитаны М. Янванчиновго кызматына дал келбестиги боюнча эскертүү.

Айзаданын өлүмү

5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

7-апрелде изделип жаткан автоунаа Бишкектин чет жагындагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.

Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган.

Белгилер:
Айзада Канатбекова, жаза, сүрөт, өлүм, кызматкер, милиция, кылмыш
Тема:
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү
Тема боюнча
Кабар алып туралычы! Эже-карындашына кайдыгер ага-инилерге кайрылуу
ИИМ: митингчилерди милиция кызматкерлери кууган эмес