БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов ("Республика — Ата-Журт") парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында ар кандай маселелер каралып жаткан учурда "Кыргызтелеком" менен MegaCom ишканаларынын жетекчилери өздөрүнө 100 миң сомго чейин айлык коюп алганын айтып, аны текшерүү керектигин билдирди.
"Кыргызтелеком" ишканасы банкрот болуу алдында турат деп жатабыз. Бирок анын жетекчиси өзүнө 100 миң сомдук айлык коюп алган. Эмненин негизинде мындай айлык алат? Мына MegaCom уюлдук компаниясынын жетекчиси да 100 миң сом алат экен. Ал эми биздин академиктер, мугалимдер, дарыгерлер күнү түнү иштеп 10 миңге жетпеген айлык алышат", — деди депутат.
Эл өкүлү бул ишканалардын жетекчилери эмне үчүн өзүлөрүнө мындай айлык белгилеп алганын текшерүү керектигин кошумчалады.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратованын чоң кызы Айыманын да мойнунун омуртка сөөктөрү сынганы аныкталды. Бул тууралуу ырчы өзү Instagram баракчасына жазды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал кыргызстандыктардан кызынын батыраак айыгып кетишин тилеп, дуба кылып коюуну сурап кайрылган.
"Айламды таппай турган кезим. Кызым белим дей берип, моюндун омуртка сөөктөрү сынганын эми көрүп жатабыз. Бир капталы кыймылдабай жатат. Элим, дуба кылалы, Аллахтан жардам, сиздерден жардам сурайм! Ушундай колдоо керекте жалгызсыратпаңыздар, суранам!" — деп кайрылды Кайратова.
Эске салсак, Анжелика Кайратова 23-январдын таңында Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Автоунаасында өзү менен кошо үч кызы болгон. Дарыгерлер беш жаштагы кызынын эки бутунун тең кашка жиликтери сынып, ырчынын өзүнүн омурткалары жабыркаганын айткан. Экөөнө тең операция жасалган. Ал эми эки кызынын абалы туруктуу экени кабарланган болчу.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылган коноктордун баарынын коронавируска тапшырган тести таза чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.
Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулуп, коноктордун баары коронавирус инфекциясына ПЦР-анализ тапшырышкан.
Садыр Жапаровдун инаугурациясы эртең, 28-январда, саат 11:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт.