Милиция бөлүмүндө бычакталган кыз боюнча окуя БУУнун дагы көңүлүн бурду

© REUTERS / Eric Thayerштаб-квартире ООН в Нью-Йорке.
штаб-квартире ООН в Нью-Йорке. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билдирүүдө мындай көрүнүштөрдү алдын алуу жана ала качкандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча алгылыктуу чараларды көрүү зарыл экени белгиленет.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ала качууга дуушар болгон кыздын Жайыл райондук милиция бөлүмүндө киши колдуу болушу боюнча тынчсыздануусун билдирди. Бул туурасында өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Кыргызстанда 24 жашка чыга элек кыздардын 13,8 пайызы турмушка чыгууда мажбурлоонун кайсы бир түрүнө дуушар болот.

"Бала кезинде же мажбурлоо менен турмуш курууда адам укуктары одоно бузулуп, андан жабыркаган адамдарга эле эмес, жалпы коомдун саламаттыгына терс таасирин тийгизет. Кыздарды ала качуу же мажбурлоо жолу менен никеге тургузуу Кыргызстандын маданиятына жана каада-салттарына эч кандай тийешеси жок жана калктын укугун бузат", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле билдирүүдө Кыргызстан жашы жете электер менен никеге туруунун мыйзамсыздыгын бекемдөө үчүн маанилүү кадамдарды жасаганы белгиленет. Мындай көрүнүштөрдү алдын алуу, ала качкандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана жапа чеккендердин саламаттыгын камсыздоо боюнча алгылыктуу аракеттерди көрүү зарылдыгы кошумчаланган.

Кыргызстандагы БУУнун өкүлчүлүгү тийиштүү органдарды ушул сыяктуу көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн өлкө мыйзамдарына жана кол койгон эл аралык келишимдерге ылайык бардык тийиштүү чараларды көрүүгө чакырат.

Работа общественного транспорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Милиция бөлүмүндө бычакталган кыздын атасы да, шектүү да маршрутка айдап иштеген
Мындан сырткары, каргашалуу окуяны Кыргызстандын Акыйкатчы институту да өз көзөмөлүнө алып, Жайыл РИИБинин кызматкерлеринин жоопкерчилигин кылдат карап чыгуу боюнча Чүй облусунун прокурору Азат Өскөнбаевге кат жолдонгону маалымалды.

Эскерте кетсек, 28-майдын түнүндө 29 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле учурда 316-берене (шалаакылык) боюнча прокуратура тарабынан Жайыл райондук милициясына да иш козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0