Жол инспекторун Lexus менен жөөлөй айдаган аял окуя боюнча пикирин билдирди

Жазылуу
Автоинспекторду жол тандабасы менен жөөлөй айдаган аял экс-депутат Ташполот Балтабаевдин кызы экени буга чейин маалым болгон.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кечээ, 31-майда автоинспекторду жол тандабасы менен жөөлөй айдаган Нургүл Балтабаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына окуя боюнча өз версиясын баяндап берди.

Анын айтымында, коопсуздук курун ал өзү эмес,  жанында отурган кош бойлуу курбусу курчаган эмес.

"Мени инспектор Бөкөнбаев көчөсү менен Айтматов проспектисинин кесилишинде токтотту. Эмнеге токтоттуңар деп сурасам, коопсуздук куру тартылган эмес деди. Курбум кош бойлуу болгондуктан, кур анын курсагын кысып салмак", — деди Балтабаева.

Анын билдиргенине караганда, ошол жерде кайгуул милициясы протокол түзө баштаганы менен, себептерин айдоочуга түшүндүргөн эмес.

Бишкекте айдоочу маңдайындагы инспекторду бир нече метрге жөөлөдү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте айдоочу маңдайындагы инспекторду бир нече метрге жөөлөдү. Видео
"Протокол түзүлүп бүткөндөн кийин мен ага кол кобой турганымды билдирип, унааны айдап кетүүгө даярданып калгам. Бирок инспектор каршылык көрсөтүп, эшиктин кармагычын кое бербей койду. Ал тургай бир маалда капотко жатып алды. Ошондо мен кетмек турсун, унааны четке токтото албай калдым", — деди айдоочу.

Маалыматка караганда, ошол маалда милиционерге ал жерде турган улгайган эркек киши жардам бере баштаган. Балтабаеванын сөзүнө ишенсек, ошол маалда унаадан түшүп, сырттагылар менен сүйлөшүүгө аракет кылган кош бойлуу келинди улгайган адам курсакка анча катуу эмес уруп, орой сүйлөй баштаган.

"Мунун айынан Бөкөнбаев көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Турусбековго чейинки бөлүгүн эки сааттын ичинде өттүм", — деген Балтабаева жол инспекторунун аракеттерин мыйзамсыз деп эсептээрин айтты.

Работа автосалонов в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жол инспекторун жөөлөй айдаган аялдын экс-депутат атасы үн катты
Эске салсак, Бишкекте жол инспекторун жол тандабасы менен жөөлөй айдаган аял Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ташполот Балтабаевдин кызы Нургүл Балтабаева экени белгилүү болгон.

ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришкендей, айдоочу административдик протоколго кол койгондон баш тартып, андан кийин кетип калууга аракет кылган. Айдоочуну коопсуздук курун тагынбаганы үчүн айыпка жыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0