Кыргызстандын эң сулуу келини Алтынкыз: сынакка стресстен арылуу үчүн катыштым

© Sputnik / Табылды КадырбековОбладательница титула "Миссис Кыргызстан — 2018" Алтынкыз Казакбаева
Обладательница титула Миссис Кыргызстан — 2018 Алтынкыз Казакбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги келиндер арасында өткөн "Кыргызстан сулуусу — 2018" сынагында баш байгени жеңип алган Алтынкыз Казакбаева менен маек курду.

Өлкөнүн эң сулуу айымы редакцияга келет дегенде "бийик таажы, буралган чач, көйкөлгөн көйнөк кийген сулууну" элестеткем… Адатта бизге ушинтип келишет.

Бирок маек учурунда Алтынкыз айымдын чырайы, назик мүнөзү, энелик жана ишкерлик чыйыр жолу өзүнө арбап алды.

— Сынакка кандайча катышып калдыңыз?

— Жыл башында сегиз жашар кызым Анархан Эсенгелдиева "Кыргызстандын кичинекей ханбийкеси" сынагына катышып, Гран-прини жеңип алган. Ушул эле сынакты уюштурган Beauty Company Kyrgyzstan моделдик агенттиги келиндер арасында да сулуулар тандалып алынаарын айтып, катышып көрүүнү сунушташты. Кызымды даярдайм деп эки ай чуркадым. Кыязы ошондо сынактын өкүлдөрүнүн көзүнө урунсам керек. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Миссис Кыргызстан — 2018" титулунун ээси Алтынкыз Казакбаева
Обладательница титула Миссис Кыргызстан — 2018 Алтынкыз Казакбаева - Sputnik Кыргызстан
"Миссис Кыргызстан — 2018" титулунун ээси Алтынкыз Казакбаева

— Демек, кызыңыз экөөңүздөр тең өлкөнүн сулуусу аталган турбайсыздарбы. Сынактын жүрүшү тууралуу кеп кылсаңыз?

— Кастингден кийин подиумда басып, кыргыз бийин бийлеп, кечки көйнөктөрдү кийип, өзүбүз тууралуу кыскача роликтерди тарттырып, интеллектуалдык таймашта күч сынаштык. Эң кызыктуу жана атаандаш жараткан бөлүгү — кече көйнөктөрдү тартуулоо болду. Көйнөктөрүмдү өлкөдөгү таланттуу дизайнерлерге тиктиргем. Моралдык жана материалдык жактан үй-бүлө, дос, туугандарым көмөк көрсөттү.

— Сынакка ар кандай курактагы, түрдүү кесипти аркалаган айымдар чогулуптур. Үй-бүлөлүүлөр арасында атаандаштык кандай болду?

— Жалпысынан 24 айым күч сынашты. Курактары 19-55ке чейин болду. Баарыбыздын кеминде бирден-экиден балабыз, кээсинин небереси да бар экен. Атаандашып, бири-бирибизге бут тоскон деле жокпуз. Тескерисинче, жакындан таанышып, дос болуп алдык. Эми жолугуп бир жакка отуралы деп пландап жатабыз. 

© Фото / Ильяс БасылбаевКелиндер арасында өткөн сулуулук конкурсунан бир көз ирмем
Конкурс красоты среди замужних дам Миссис Кыргызстан — 2018 - Sputnik Кыргызстан
Келиндер арасында өткөн сулуулук конкурсунан бир көз ирмем

— Абдан жакшы. Буга чейин сулуулук сынактарына катышып көрдүңүз беле?

— Бул үчүнчү сынагым. Биринчи жолу өзүм окуган мектептин сулуусу аталсам, экинчи жолу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында 4-курста окуп жүргөндө факультеттер арасындагы мелдешке катышкам. Баарында тең Гран-прини жеңип алгам.

— Адатта сулуулук сынагын жеңген айымдардын келбетин сынап ийишчү эле…

— "Көзүң менен ээгиңди жасаттың беле" деп көп сурашат. Баары өзүмдүкү, атама окшошмун. Кээде кирпик коштуруп алам. Келбетти бир калыпта кармап туруу үчүн спорт менен алектенип, бийлейм, туура тамактанам.

— Социалдык тармактардан куттук айтып мактаган сөздөрдүн аягы эмдигиче бүтө элек болсо керек.

— Жумушума карап WhatsApp тармагына катталгам. Instagram, Facebook баракчаларына убакыт коротпойм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАлтынкыз Казакбаева үч баланын энеси
Обладательница титула Миссис Кыргызстан — 2018 Алтынкыз Казакбаева - Sputnik Кыргызстан
Алтынкыз Казакбаева үч баланын энеси

— Дүйнө сулуусу үчүн жолдомо алдыңыз, эми ал жактан да биринчи орунду ээлейт деп ишенип туралы.

— Сынак ушул жылдын декабрында Филиппинде өтөт. Турмуш шартыма байланыштуу барар-барбасым белгисиз.

— Бирок көкүрөктө утсам деген жалындаган ойлор бар да?

Дүйнөнүн сулуу айымы – 2018 сулуулук сынагынын жеңүүчүү Сания Шакирова - Sputnik Кыргызстан
Эмнеден жазганымды билбейм. "Дүйнөнүн сулуу айымы" Сания Шакирова менен маек
— Көп жылдан бери тиричилик деп жүрүп өзүмө көңүл бурбай калыпмын. Жашоодогу айрым нерселерден стресс, депрессияга кабылдым. Ушул нерселерди жеңип, өзүмө жакшы маанай тартуулагым келди. Азыр жан дүйнөмдө бир жеңилдикти сезип турам.

Сынакка жеңиш үчүн келген эмесмин. Жыйынтыгы күтүүсүз болду. Гран-прини алган адамга Филиппиндеги сынакка жолдомо берилсе, калган алдыңкы орундарга Түркияга эс алуу мүмкүнчүлүгү берилди. Оюмда апам менен кызымды чет өлкөгө эс алууга жибергим келген эле.

— Үч баланын энеси экенсиз, сынакка катышууңузду үй-бүлөңүз кандай кабыл алды?

— Улуу балам менен акылдашсам "катышыңыз" деди. Апама сынакка бир жума калганда айттым. Биринчиликти алганда абдан сүйүндү. Мен жеңишимди ага арнадым. Себеби үч баламды жалгыз тарбиялоо кыйын, бардыгына апам колдоо көрсөтүп келет. Эки эркек, бир кызым бар. Уулдарым 11 жана 5 жашта. Кызым сегизге толду. Балдарым спорт, маданият жаатында ийримдерге барып, сабактарын мыкты окушат.

— Өзүңүз эмне менен алектенесиз, кайсыл кесиптин ээсисиз?

— Эки жогорку билимим бар. Юристмин жана англис тили боюнча мугалиммин. Мындан тышкары, саясат таануу багытында аспирантураны окуп жатам. Ишкер катары жеке юридикалык компаниям менен бала бакчам бар.

Фотомодель Айыма Бактыбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Төрт жашында фотомодель болгон Айыма. Наристенин апасы менен маек
— Эмне себептен бала бакча ачууну эп көрдүңүз?

— Баланы бирөөгө каратууга дитим барчу эмес. Төрөгөндөн кийин, иштен үч жылдык эмгек өргүүсүнө чыкканда өзүмдүн балама кошуп, башка да ата-энелердин балдарын бага баштадым. Муну "үйдөн кароо кызматы" деп коет эмеспи. Жөн гана көз салбастан англис тилин да үйрөтүп баштадым. Ошентип апам, бир туугандарымдын жардамы менен имарат алып бала бакча ачтык.

— Юридикалык ишмердүүлүңүздө эмне жаныңызды кейитет?

— Юридикада кылмыш жаза жана жарандык укуктук иш деп экиге бөлүнөт. Мен көбүнчө үй-бүлө маселесине байланыштуу иштерди карайм. Кайгылуусу — эне-баланын укугу мыйзам тарабынан колдоого алынбай келет. Жалгыз бой энелер арбын. Соттук иште көбү мурдагы күйөөлөрүнөн алимент төлөтө албай убара же балдарын талашкан учурлар көп. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАлтынкыз Казакбаева юрист кесибине жана англис тили боюнча мугалим
Обладательница титула Миссис Кыргызстан — 2018 Алтынкыз Казакбаева - Sputnik Кыргызстан
Алтынкыз Казакбаева юрист кесибине жана англис тили боюнча мугалим

— Каякта төрөлүп өскөнсүз? Ата-эне, балачагыңыз тууралуу кеп салсаңыз.

— Белгилүү "Кычан" чыгармасын жараткан жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев менин чоң атам. Ал кишинин аты Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы мектепке берилген. Атам экөө бир тууган. Апам болсо Таластын кызы. Атам Дайырбек Казакбаев — СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, КРдин "Эл агартуусунун отличниги". Көзү өтүп кетти. Апам Рысбүбү Төлөкбаева — журналист, КТРКда жыйырма жылдан ашык эмгектенген. Азыр мен ачкан бала бакчанын жетекчиси. Бишкекте туулуп өскөм. Көп бир тууганмын. Балалыгым билим алуу, изденүү менен өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0