Бишкектеги Ибраимов көчөсү эки тарабынан тең эмнеге жабылды? Мэриянын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековДорожный знак "Ремонт дороги" и "Объезд"
Дорожный знак Ремонт дороги и Объезд - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ибраимов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилиши жабылганын окурмандар маалымдады.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкектеги Ибраимов көчөсүнүн Бөкөнбаевден Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылганын окурман Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Ибраимов көчөсү жабылгандыктан жеринде шаардык милиция жол кыймылын жөнгө салууда.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Ибраимов көчөсү оңдоо иштеринен улам жабылганын белгиледи.

Ал эми Бишкек мэриясынын коммуналдык курулуш башкармалыгы Москва көчөсүнүн Ибраимовдон Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальт төшөлүп жаткандыктан убактылуу жабылганын маалымдады.

"Бул аймак асфальт кургаганга чейин түн ортосуна дейре жабылат", — деп аталган башкармалыктан кабарлашты.

Ибраимов көчөсүнүн Бөкөнбаевден Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгүнө дагы асфальт төшөлө тургандыктан кийинки жумада дагы жабыларын коммуналдык курулуш башкармалыгы кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0