Ысык-Көл. Архивдик сүрөт

Ысык-Көлгө олимпиадалык база куруу пландалууда

313
(жаңыланган 10:34 04.06.2018)
Эгер база Кыргызстанга салына турган болсо, дүйнөлүк атактуу спортчулар Ысык-Көлгө жөнөтүлүп турат.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Эл аралык олимпиадалык комитеттин алдында Ысык-Көлгө база куруу пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин башчысы Канат Аманкулов билдирди.

1-июнда КСДП фракциясынын депутаттары олимпиадалык базанын курулушу боюнча маселени көтөрүшкөн.

Аманкуловдун айтымында, бул маселе төрт жылдан бери талкууланып келет. Былтыр азыркы президент Сооронбай Жээнбеков (анда көмөт башчы болчу) "Солнышко" пансионатын спорт агенттигинин карамагына өткөрүү боюнча буйрукка кол койгон.

Дал ошол жакта эл аралык олимпиада комитетинин базасы пайда болмокчу. Аманкуловдун айтымында, Азия олимпиадалык комитетинин башчысы шейх Ахмад Фахад Аль-Сабах Кыргызстанга келгенде анын курулушуна беш миллион доллар таап берүүгө сөз берген. Анда пансионатты Кыргызстандын улуттук олимпиадалык комитетинин оперативдик башкармалыгына өткөрүү боюнча сөз болгон.

"Белгисиз себептерден улам маселе создуктурулуп кетти. Бардык өлкө ичиндеги иш-аракеттер чечилип жатат. Эл аралык олимпиадалык комитетке пансионаттын жерин бербейбиз. Ал мамлекеттин менчиги катары калат, бирок улуттук олимпиадалык комитет базаны башкаруу иштери менен алектене бермекчи", — деди Аманкулов.

Улуттук олимпиадалык комитеттин башкы катчысы Саламат Эргешов курулуш боюнча маселе 2015-жылы эл аралык олимпиадалык комитеттин башчысы Томас Бах Кыргызстанга келгенде эле көтөрүлгөнүн түшүндүрдү.

Эргешовдун айтымында, пансионаттын айланасын оңдоп-түзөп, канализация тармактарын жакшыртып, балбандар машыгуу үчүн спорттук-реаблитациялык борбор куруу керек.

"Дүйнөдө мындай базалар аз эле. Мисалы, Кения менен Колорадодо бар. Эми бизге да мындай база куруу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Эске салсак, пансионаттын аянты 11 гектарды түзөт" — деди Эргешов.

Анын айтымында, дүйнөнүн белгилүү спортчулары Кыргызстанга мелдештен кийин эс алууга же машыгууга келип турат.

"Кыргыз спортчуларына баа жагынан артыкчылыктар болот. Ал эми чет элдиктердин акысын аларды көзөмөлдөгөн уюмдар төлөйт. Комплекс 500-600 спортчуну кабыл алмакчы", — деди ал.

Маалым болгондой, алдын ала эскиздер азырынча жок. Себеби эл аралык олимпиадалык комитет мурунку пансионаттын аймагын көрүшү керек. Курулуш иштери пансионат улуттук олимпиадалык комитеттин карамагына өткөрүлүп берилгенден кийин башталат.

313
Белгилер:
база, Улуттук олимпиадалык комитети, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте үчүнчү ирет ММА боюнча JFC чемпионаты өтөт
ТОП-11. ММА мушкерлери Кыргызстанды дүйнөгө таанытабы?
Саргарган дарактар. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

29
Бейшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү, 22-октябрда, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +12...+17, Ош, Жалал-Абад облустарында +18...+23, Баткенде +17...+22, ал эми Ысык-Көл, Нарын жергесинде +11...+16 градус болот.

Бишкекте күндүн экинчи жарымында бир аз жаан жааса, ал эми Ошто күн ачык болот. Абанын температурасы борборубузда +15...+17, Ошто +21...+23 градуска көтөрүлөт.

29
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Жакынкы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт
Премьер-министр Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Садыр Жапаров: абакта жатканда коронавирус менен ооруп айыктым

205
(жаңыланган 19:05 21.10.2020)
Өкмөт башчы өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча күн сайын кабар алып турарын, ооруканалар дары-дармек, медициналык каражаттар менен камсыз болорун билдирди.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абакта жатканда коронавирус менен оорудум. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров BBC радиосуна маек берип жатып билдирди.

Жапаров дартты дары чөптүн жардамы менен жеңгенин белгилеген. Анын айтымында, дары чөп бир гана коронавируска эмес башка ооруларга дагы, мисалы, ашказандын рагына дагы миңдин бири. Аны кыргыздар илгертеден колдонуп келген.

"Ачык айтканда,Кара-Балтанын Финполициясынын кызматкерлеринин көбү коронавирустан атайын дары чөптүн жардамы менен айыгышты. Андан үй-бүлөсү менен сакайгандар болду. Ал дарыны Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге сыноодон өткөрүп көрүш керек", — деди Жапаров.

Коронавирус: Бишкектеги ооруканаларда 400дөн ашуун бош орун бар

Мындан сырткары, ал өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча күн сайын кабар алып турарын, ооруканалар дары-дармек, медициналык каражаттар менен камсыз болорун кошумчалады.

205
Белгилер:
дары, абак, коронавирус, Садыр Жапаров
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Министрлик: коронавирустан сакайган 7 кишиден кайра оорунун белгиси байкалды