Карыбайм, балдарымды чоңойтом! Бейажал кеткен Сания Шакирова тууралуу 7 факты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Дүйнөнүн сулуу айымы — 2018" наамынын ээси Сания Шакирова. Архив
Дүйнөнүн сулуу айымы — 2018 наамынын ээси Сания Шакирова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндө Ысык-Көл облусунда "Дүйнөнүн сулуу айымы — 2018" наамынын ээси Сания Шакирова автокырсыктан көз жумду. Шакированын аркасында үч баласы калды.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Сания Шакирова тууралуу 7 факты сунуштайт.

1. 1987-жылы Кара-Балтада төрөлүп, ошол шаардагы мектепте билим алган. Өзүнүн айтымында, эркек мүнөз эле, ар дайым бирөөлөр менен мушташып эле басып жүрчү. 6-классында "Кара-Балта сулуусу" аталган.

2. 14 жашынан тарта маникюр жасап сулуулук салонуна ишке кирген. Адегенде эрмек катары гана көрүп, бирок ошол кездерде үйүндө акча тартыш болгондуктан, айласыздан иштей баштаган. Атасынын Кара-Балтада үч кафеси, 90-жылдары иштебей туруп калган. 17ге толгондо акча табуу үчүн энеси менен Москвага аттанган.

Дүйнөнүн сулуу айымы – 2018 сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакирова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Автоунаа мүрзөнү тоскон дубалды сүзгөн. Сания Шакирова каза болгон кырсыктын чоо-жайы
3. Күйөөгө 17 жашында чыккан. Бул туурасында өзү айтып берген жайы бар. Ал кезде салонго болочок жолдошу чачын кырктыруу үчүн кирип калат. Сураштыра келсе, Оштон Москвага окууга келген жигит экен. Бир айдан соң баш кошушкан. Эки жаш шашылыш бул кадамын ата-энесинен айбыгып, бир жыл жашырып жүргөн. Бирок, алар жети жыл мурда эки ача жолго түшөт. Бул тууралуу "аябай көңүлүмдү ооруткан учур болду. Ажырашкым келген эмес, эми кантип үч бала менен жалгыз калам деген ой мени сансыз санаага салды. Жарым жылдай азап тарттым…" деп айтканы бар.

4. Үй-бүлөлүк жашоодон стресс алган келин бар күчүн топтоп россиялык алып баруучу Ксения Бородинанын салонуна резюмесин жөнөтүп, жумушка өтүп кетет. "Бородина менен иштөө ырахат тартуулаганын, ошол эле учурда жаны жай албаган кыз менен кызматташуу оңой болбогонун" айткан. Кыргызстандык кыз россиянын шоу-дүйнөсүндөгү Ольга Бузова, Маша Малиновская, Авраам Руссого маникюр жасап жүргөнүн маегинде айтып берген. Тапкан каражатына бир жылдан кийин Кара-Балтадан үч бөлмөлүү батир жана унаа сатып алган.

5. Соңку эки жылда мекенине кайтып келип сулуулук салондорун ачат. Учурда Кара-Балтада эки салон, Бишкекте мектеп-салон жана нейл-бары иштеп жаткан.

6. "Miss Universe Beauty-2018" сынагына алып баруучу Ассоль Молдокматова аркылуу катышып калган. Ушул жылдын башында аны Молдокматова Парижге россиялык дизайнер Вячеслав Зайцевдин мааракесине ала барган. Ошондо Молдокматова Саниянын үңүлө карап туруп: "Сания, бул келбетиң менен Дүйнөлүк сулуулар сынагына сөзсүз катышууң зарыл!" дейт. Бишкекке учуп келгенден эки күндөн соң Молдокматова Вьетнамдагы сулуулук сынагына жибере турганын айткан. Аз убакыттын ичинде даярданып "Дүйнөнүн сулуу айымы" аталат. Байге катары 5 миң доллар, Италияга жолдомо утуп алып, чет мамлекеттеги моделдик агенттик менен бир жылдык келишим түзгөн.

7. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы акыркы маегинде "Беш жылдан кийин сизди кандай калыпта көрөбүз" деп суроо салганда "Эч качан карыбайм деп кескин түрдө чечим кабыл алгам. Мүнөздөп тамактанам, машыгуу залына барып турам, андыктан, беш жылдан соң деле ушундай эле жапжаш бойдон калам" деп жооп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0