Нарында кафе ачкан курбулар: Европада жүрүп канчалык артта калганыбызды түшүндүк

© Фото / из личного архива Назиры БейшенбековойВладелец и сотрудники кафе "Kulturcafe Нарын" в городе Нарын
Владелец и сотрудники кафе Kulturcafe Нарын в городе Нарын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Назира Бейшенбекова 24 жашта, кесиби боюнча филолог. Бирок учурда таптакыр башка иш менен алектенет.

Нарын шаарында курбулары менен биргеликте "Kulturcafe Нарын" деп аталган чакан кафе ачкан. Негизги максаты — Нарынды кызыксыз, келечеги жок деп эсептеген жаштарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берип, аларды мекенинде алып калуу.

Баса, учурда кыздар кондитердик цех ачуунун дагы камын көрүп жатышат.

© Фото / из личного архива Назиры БейшенбековойКурбулар эски бөлмөнү оңдоп-түзөөгө 503 миң сом сарпташкан
Курбулар эски бөлмөнү оңдоп-түзөөгө 503 миң сом сарпташкан - Sputnik Кыргызстан
1/4
Курбулар эски бөлмөнү оңдоп-түзөөгө 503 миң сом сарпташкан
© Фото / из личного архива Назиры БейшенбековойУшул тапта бул кафеге студенттер гана эмес, Нарын шаарынын тургундары дагы көнүп калышты
Ушул тапта бул кафеге студенттер гана эмес, Нарын шаарынын тургундары дагы көнүп калышты - Sputnik Кыргызстан
2/4
Ушул тапта бул кафеге студенттер гана эмес, Нарын шаарынын тургундары дагы көнүп калышты
© Фото / из личного архива Назиры БейшенбековойКафеде фуршет, кофе-брейк, туулган күн, шерине сыяктуу 40-50 адам катышкан иш-чаралар болуп турат
Кафеде фуршет, кофе-брейк, туулган күн, шерине сыяктуу 40-50 адам катышкан иш-чаралар болуп турат - Sputnik Кыргызстан
3/4
Кафеде фуршет, кофе-брейк, туулган күн, шерине сыяктуу 40-50 адам катышкан иш-чаралар болуп турат
© Фото / Гүлзада МусабековаБейшенбекова: конференциялар залында жума сайын жаштарга мотивациялык тренингдер өтүп турат
Бейшенбекова: конференциялар залында жума сайын жаштарга мотивациялык тренингдер өтүп турат - Sputnik Кыргызстан
4/4
Бейшенбекова: конференциялар залында жума сайын жаштарга мотивациялык тренингдер өтүп турат
1/4
Курбулар эски бөлмөнү оңдоп-түзөөгө 503 миң сом сарпташкан
2/4
Ушул тапта бул кафеге студенттер гана эмес, Нарын шаарынын тургундары дагы көнүп калышты
3/4
Кафеде фуршет, кофе-брейк, туулган күн, шерине сыяктуу 40-50 адам катышкан иш-чаралар болуп турат
4/4
Бейшенбекова: конференциялар залында жума сайын жаштарга мотивациялык тренингдер өтүп турат

Быйылкы "Аймактарды өнүктүрүү жылында" региондордо ак эмгеги менен ишкерлик кылып, бутуна турган мекендештерди үлгү катары көрсөтүүнү максат кылган Sputnik агенттиги Назираны дагы кепке тартты.

— Назира, эмнеге Kulturcafe? Аталышы бир нерседен кабар береби?

Юрист, каратист и фермер Бообек Нурматов - Sputnik Кыргызстан
Айыл элин бекер машыктырган Москва чемпиону Бообек: элеттен да миллион тапса болот
— Биздин кафе жөн гана көңүл ачып, курсак тойгузуп кетчү жай эмес. Аны жаштар убактысын кызыктуу жана пайдалуу өткөрсүн деген максатта атайын ачтык. Бул өзүбүздүн муктаждыктан келип чыккан нерсе. Нургүл, Жазгүл жана Гүлзада деген курбуларым менен Нарын мамлекеттик университетинен билим алдык. Студент кезде окуудан чыгып алып сабак окуп же жөн гана достор менен жай-баракат  сүйлөшүп отурууга жараган жер таппай убара болчубуз. Ошондо качан бирөө —жарым жаштарга арналган бир жай ачат деп ойлоно берчүбүз. Бир күнү "эмнеге бирөөнү күтүп отурушубуз керек, өзүбүз кылбайлыбы" деген ой келди. Ал кезде биздин университетке Германиядан Анна Майер аттуу лектор келип калды. Оюбузду ага айтсак, дароо эле жактырып, чогуу баштоону сунуштады. Кафеде жаштар колдоно турган конференциялар залы дагы болсун деп чечип, баарылап долбоор жаздык.  Аннанын сунушу менен бизди каржылап берүүсүн өтүнүп, Германиянын Кыргызстандагы элчилигине кайрылдык. Баса, ага чейин бизге университеттин жер төлөсүнөн орун бөлүп беришкен. Ал эми немис элчилиги ошону оңдоп-түзөөгө гранттык негизде 503 миң сом бөлүп берди.

— Жакшы экен. Азыр кафе сиздер пландагандай иштеп жатабы?

— Ооба, конференциялар залында жума сайын ар кандай иш-чаралар болуп турат. Жаштарга мотивациялык тренингдерди өткөрүү үчүн Бишкектен спикерлерди чакырып турабыз. Мындан тышкары, Германия, АКШдан келген валентерлор менен тил клубдары уюштурулган. Бош убакыт болгондо жаштарга тасмаларды көрсөтөбүз.

— Кафенин тамак-ашын кимдер даярдайт?

— Башында өзүбүз иштедик. Азыр эки ашпозчу, бир ашкана кызматкерибиз бар. Айлыктары 10 миң сомдун тегереги. Аларды дагы социалдык коргоодо тизмеде турган, колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөн алдык. Бир эжекебиз жалгыз бой эне. Булардан тышкары, студенттер окуудан бош убакта ар кандай иш-чараларды уюштурууга жардам берип же официант катары тыйын-тыпыр таап алышат. Анан албетте, өзүм курбуларым менен ушул жерде жүрөбүз.

© Фото / Гүлзада МусабековаНазира Бейшенбекова: кафеге күнүнө жүздөй адам кирет
Кафе Kulturcafe Нарын в городе Нарын - Sputnik Кыргызстан
Назира Бейшенбекова: кафеге күнүнө жүздөй адам кирет

— Ремонт иштерине акчаны грант катары алыптырсыңар, ал эми эмерек, идиш-аяк, азык-түлүккө кандай каражат таптыңар?

— Ал чыгымдарга башында 200 миң сомдой акча кетти. Төрт кыз тууган, тааныштардан карыздап алып баштаганбыз. Кийин ушул эле кафенин эсебинен кутулуп койдук.

— Кафеңер өзүн четинен актай баштаган экен да?..

— Ооба, актап жатат. Азыр күнүнө жүздөй адам келет. Студент, мектеп окуучуларынан ташкары Нарын шаарынын тургундары дагы көнүп калышты. Кечкисин саат сегизге чейин иштейбиз, бирок азыр орозого байланыштуу 10 чейин иштеп атабыз.

— Той, кечелерди өткөрүшөбү?

— Чоң той уюштуруп көрө элекпиз. Бирок фуршет, кофе-брейк, туулган күн, шерине сыяктуу 40-50 адам катышкан иш-чаралар болуп жатат.

— Кондитердик цех ачууну пландап жаткан экенсиңер. Бул идея кайдан жаралды?

Топоздор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Топоз баккан атбашылык миллионер кыз: 28 жашымда атамдын мал-жаны мага өткөн
— Курбуларым менен мурдатан бери эле торт жасаганды жакшы көрчүбүз. Кафени ачкандан бери өзүбүз үчүн жана дагы бир кофейняга торт жасап жатканбыз. Азыр айына 50дөй торт сатылат. Цехти ачсак, алгач айына 500дөн өткөрөбүз деген пландарыбыз бар. Бул жактагы башка кафе, дүкөндөргө сүйлөшүп жатабыз.

Анан жакында эле Бишкекте Социалдык ишкерлердин ассоциациясы өткөргөн бизнес-тренингдерге катыштык. Ал жакка барганда абдан көп нерсени түшүндүк.  Көрсө, биз кафени бизнес тууралуу эч кабарыбыз жок эле ачып алыптырбыз (жылмайып). Азыр маркетинг деген эмне экенинен түшүнүк пайда болду. Ошондон улам хоббибизди ишкерликке айланталы деп атабыз. Цехке жалпысынан  төрт миң доллардай акча кетет экен. Бир миң долларын өзүбүз чыгарсак, үч миңин инвесторлордон издешибиз керек болуп жатат.

© Фото / Солтобек ЭркинКафе ачкан курбулар: Гулзада Мусабекова, Нургүл Абдыкеримова, Назира Бейшенбекова жана Жазгүл Рахат кызы (солдон оңго)
Владелец и сотрудники кафе Kulturcafe Нарын в городе Нарын - Sputnik Кыргызстан
Кафе ачкан курбулар: Гулзада Мусабекова, Нургүл Абдыкеримова, Назира Бейшенбекова жана Жазгүл Рахат кызы (солдон оңго)

— Табылчудайбы?

— Табылып калат деп ишенип атабыз. Көздөгөн жерлерибиз бар.

— Төрт кыздын арасында турмушка чыккандар барбы? Сурайын дегеним курбулардын айрымдары башка облуска келин болуп кетсе эмне болот?

Племенной форелеводческий завод Адлер - Sputnik Кыргызстан
Форель багам дегендерге жардам берет элем. Көлдүк ишкер менен маек
— Азыр баарыбыз бойдокпуз. Ал жагынан тагдырдын жазганын көрөбүз да (жылмайып). Турмушка чыгып калсаң, айла жок. Бирок жеңил, кызыктуу жашоо издеп Нарындан башка жакка кетпейбиз. Жаштардын баары кетип калсак, бул жерди ким көтөрөт? Биз башка жактан кызык нерсе издебей, баардык шарттарды өзүбүз жашаган жерге түзөбүз деп максат койгонбуз. Мисалы, төртөөбүз тең ар кандай программалардын негизинде Европа мамлекеттеринде окуп келдик. Мен Швециядагы Лунд университетинде бир жыл билим алгам. Бош убакыт болгондо Европанын ар кайсы мамлекетин кыдырчубуз. Мисалы, музейлерине кирсең, 100-150 жыл мурдагы жашоо чагылдырылган. Карап туруп азыркы Кыргызстан, Нарын ошол жашоого дагы жете элегибизди түшүндүм. Ошондо  кыла турган ишибиз, өсө турган жагыбыз аябай көп экенин билдим. Андыктан, ар бирибиз кайсы жерде туулсак, ошол жердин өсүп-өнүгүүсүнө салым кошушубуз керек деп эсептейм.

— Абдан жакшы оюңуз бар экен, тилектер орундалсын! Ошондо 10 жылдан кийин өзүңүздү, курбулар менен биргелешип баштаган бизнесиңерди кандай элестетесиз?

— Кафебиздин эн тамгасында жети тегерекче турат. Азыр ошонун бири гана жашыл түскө боелгон, калгандары ак бойдон. Келечекте жаштарга жакшы шарттарды түзүп берген Kulturcafe сыяктуу борборлорду ар бир региондо ачабыз деген тилектер бар. Ошондо ар бир тегерекче жашылга боелот.

Жаңылыктар түрмөгү
0