Майып балдардын ата-энелери кийим тиккен алты машинаны белекке алышты

Жазылуу
Мындан ары мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине тигүүчүлүк менен алектенип, акча табууга шарт түзүлдү.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин демилгеси менен түзүлгөн "Эне — тынччылык" коомдук уюмуна кийим тигүүчү  заманбап алты машина белекке берилди. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Эне — тынчылык" коомдук уюму 2004-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын кызыкчылыгын коргоо жана алардын үй-бүлөсүн колдоо, начар камсыздалган үй-бүлөлөргө жана карыларга жардам берүү максатында түзүлгөн.

"Бизде 30 майып бала тарбияланат. Аларды окутуп, чеберчиликке үйрөтөбүз. Демөөрчүлөргө чоң рахмат! Эми мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине тигүүчүлүк менен алектенип, акча табууга шарт түзүлдү", — деп айткан уюмдун директору Жылдыз Шаменова.

Кийим тигүү машиналарын "Хьюмен Эппиэл Интернешнл" эл аралык кайрымдуулук уюму алып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0