Кырылган кой, аскадан учкан жылкылар. Кыргызстанда малды камсыздандырса болобу?

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКош-Агачский район Республики Алтай
Кош-Агачский район Республики Алтай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Май айынын соңунда аймактардагы жайыттарга түшкөн кар менен катуу шамалдын кесепетинен Ысык-Көл облусунда 3379 кой, 98 баш уй жана 119 жылкы кырылган. Ал эми Ат-Башы районунда 797 баш мал жоголуп, анын 328и мерт өлүп, 469у аман калган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Көлдөгү чабандар 20 миллион сомдук чыгымга учураса, атбашылыктардыкы ушу тапта такталып жатат.

Падеж скота в двух селах Нарынской и Иссык-Кульской областей в результате заморозка - Sputnik Кыргызстан
Депутат: кардан улам кредитке алган акыркы малынан айрылган чабандар бар
Бул жандыктын баары элдин жайлоого кошкон малы болчу. Аким, айыл өкмөт башчыларынын айтымында, келтирилген чыгымдар табият кырсыгынан улам болгондуктан эч кимге компенсация төлөнүп берилбейт.

Жогоруда болуп өткөн окуяларга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдө малды камсыздандырса болобу деген суроого жооп издеп, ушул багытта иш алып барган компанияларына кайрылып, чабандардын оюн билип көрдү.

Атайын мыйзам жок

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин мал чарбасы, асылдандыруу жана илимди өнүктүрүү саясат бөлүмүнүн башчысы Сулайман Мамаевдин айтымында, учурда өлкөдө малды камсыздандыруу боюнча атайын мыйзам жок.

"Ушундай жаратылыш кырсыктарынан кийин Кыргызстанда малды да камсыздандырыш керек боло баштады. Башкача айтканда, муктаждык пайда болууда. Буга чейин 2010-жылдары Акылбек Жапаров биринчи вице-премьер болуп турган кезде биз өкмөткө малды камсыздандыруу боюнча сунуш киргизгенбиз. Жапаров иштен кетип, бул нерсе ишке ашпай калган. Күтүлбөгөн жерден азыр элдин кыштап-жайлап баккан малы бир күндө өлүп калды. Эми малчынын көбү жандыктарын камсыздандыра баштайт болуш керек. Себеби чабандар 20 миллион сомдон ашык чыгымга учурашты. Биз дагы бул нерсени ишке ашырууга аракет кылып жатабыз", — деди Мамаев. 

© © видео очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуНарын менен Көлдөгү жут. Тоңгон койлор менен аскадан кулаган жылкылардын видеосу
Нарын менен Көлдөгү жут. Тоңгон койлор менен аскадан кулаган жылкылардын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Нарын менен Көлдөгү жут. Тоңгон койлор менен аскадан кулаган жылкылардын видеосу

Малды камсыздандырган компания барбы

Өлкөдө жаныбарларды камсыздандыруу боюнча лицензиясы бар үч компания иштейт. Алар мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы, "Аю гарант" жана АТН Полис ишканалары. Бирок аталган мекемелердин лицензиясы болгону менен бардык эле малды камсыздандыра беришпейт.

Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын өз ыктыяры менен камсыздандыруу бөлүмүнүн начальниги Рустамбек Тагаев малды камсыздандыруу өтө оор маселе экенин айтты.

"Биз идентификациядан өткөн асыл тукум малды гана камсыздандырабыз. Бул өтө оор маселе. Мал ар кандай себептерден ооруп, өлүп же союлуп кетет. Ошондуктан шарттарын, каражатын алдын ала сүйлөшүү керек. Бирок мамлекет бардык малды камсыздандыруу керек деп милдеттендирсе биз чабандар менен иштешүүгө даярбыз. Антпесе алар өз ыктыяры менен жандыгын "страховкалабайт". Бул маселени Айыл-чарба министрлиги да көтөрүп чыкса, камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү, чабандар, өкмөт мүчөлөрү болуп чогуу отуруп атайын жобосун түзүп алмакпыз", — деди ал.

Мал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Базарларда мал канчадан сатылууда? Өлкө аймактарындагы баа
Жеке камсыздандыруу компаниялары да азырынча асыл тукумдуу малды гана камсыздандырышат. "Аю Гарант" компаниясынын башкы адиси Назар Билалов малды "страховкалоо" үчүн мамлекеттин колдоосу керектигин баса белгиледи.

"Малды камсыздандыруу оңой эмес, ошентсе да өкмөт бул тармактагы компаниялар менен тыгыз байланышта иш алып барса жакшы болмок. Ысык-Көлдөгү окуядан кийин бизге жакында Токмок шаарынан, Чүйдүн башка аймактарынан жарандар малды камсыздандыруу боюнча маалымат сурап кайрыла баштады", — деди Билалов.

Чабандар камсыздандырууга кандай карайт

Ат-Башы районунун тургуну, чабан Каныбек Оморов малын камсыздандыруудан баш тартпай турганын айтты.

"Биринчиден бул боюнча аймактарга толук маалымат жете элек. Ошентсе дагы акыркы болуп өткөн жаратылыш кырсыктарынан кийин биз деле ойлонуп калдык. Эгерде малды камсыздандыруунун шарт-талабы чөнтөгүбүзгө туура келсе эмнеге болбосун? Жок дегенде бодо малды камсыздандырып койсок жакшы эле болмок", — деди Оморов.

Чоң-Кемин өрөөнүнүн Тар-Суу айылынын тургуну, малчы Урматбек Абыканов камсыздандыруу компаниялары реалдуу сунуш киргизсе чабандарга деле жакшы болорун билдирди.

"Унаага караганда малды камсыздандырган бизге жакшы эле болмок. Эгер камсыздандыруу компаниялары реалдуу сунуш киргизе турган болсо, көпчүлүк чабандар макул болот", — деди Абыканов.

Эл өкүлдөрү эмне дейт

Жогорку Кеңештин депутаты, агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин мүчөсү Мухтарбек Айнакулов малды камсыздандыруу мүмкүн эместигин айтты.

"Бул азырынча бизде ишке ашпай турган нерсе. Үй менен унааларды камсыздандыра албай жатабыз. Чабандар болсо кой-жылкысын каттаттаарда 1000 кою барлар 15ин эле жаздырып коет. Анан кайдагы камсыздандыруу", — деди Айнакулов.

Ал эми депутат Алмаз Баатырбеков эгер малды камсыздандыруунун жакшы механизми иштелип чыкса өзүнүн малын деле "страховкалатууга" макул болорун билдирди.

Буудай түшүмүн жыйноо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: аба ырайына байланыштуу быйыл түшүм аз болот
"Камсыздандырууну милдеттүү түрдө эмес, өз ыктыяры менен кылган жакшы. Ал үчүн мамлекет жакшы шарт түзүп, чабандарга да, камсыздандыруу компанияларына да ылайыктуу механизмдерди ойлоп чыгышы зарыл. Азыр акырындык менен малды идентификациядан өткөрүп баштадык, бул процесс бүткөндөн кийин гана камсыздандырса болот", — деди Баатырбеков.

Эске салсак, 2013-жылы республика боюнча мал-жандыктарды идентификациялоо боюнча мыйзам кабыл алынган. Ал эми 2016-жылдан тарта мыйзам иштеп баштап, аталган долбоорго өкмөттөн 40 миллион сом, ал эми Россиядан 450 миң доллар каражат бөлүнгөн. Өкмөттүн маалымат кызматы үч жыл аралыгында өлкө боюнча бардык коммерциялык багыттагы мал-жандыктар толугу менен идентификациядан өтүп бүтөрүн маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0