Бишкек мэриясы окуучулар үчүн мектептерде жайкы лагерь уюштурду

© Sputnik / Табылды КадырбековТоп ойноп жаткан окуучулар. Архив
Топ ойноп жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лагерь эртең мененки саат 8:00дөн 14:00гө чейин иштейт.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы окуучулар үчүн мектептерде жайкы лагерлерди уюштурат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, лагерь 4-июндан 29-июнга чейин иштеп, жалпысынан 35 мектептеги 3 700 окуучуга шарт түзүлөт.

"Мектептердеги жайкы лагерь 7-июнда салтанаттуу түрдө ачылат. Лагерь эртең мененки саат 8:00дөн 14:00гө чейин иштейт", — деп айтылат маалыматта.

Мектеп лагерлеринде жана балдардын чыгармачылык борборлорунда спорттук, нравалык-эстетикалык, көңүл ачуучу иш-чаралар уюштурулмакчы.

Эске салсак, мектептерде сабактар май айынын соңунда аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0