Бишкекте 37 кабаттуу имарат курулат. Сүрөт

Жазылуу
Долбоордун авторлору имарат жер титирөөгө туруштук берерин айтышууда.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Архитекторлор Бишкектин түштүк аймагында жайгаша турган эң бийик имараттын долбоорун сунушташты. Бул тууралуу "Ак-Башат" долбоорлоо институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, имарат 37 кабаттуу болот. Институттан долбоорго жергиликтүү курулуш компаниялардын биринен буюртма түшкөнүн айтышты. 

© Фото / проектный институт "Ак-Башат"Бишкектин түштүк аймагында жайгаша турган эң бийик имараттын долбоору
Проект самого высокого здания в Бишкеке, которое расположится в южной части - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин түштүк аймагында жайгаша турган эң бийик имараттын долбоору

Имараттын ичинде кеңселер, жыйындар залы жана көргөзмө жайлары болмокчу. Тышкы көрүнүшү менен кабатынын санынан тышкары, курулуш күндөн кубат алган панелдери менен өзгөчөлөнмөкчү. Конструкторлор курулуш маалында жер титирөөгө туруштук бере турган сапаттуу материалдар пайдаланыла турганын белгилешти.

Соода борборунун азырынча аталышы жок, авторлор кыргызстандыктардан сунуш күтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0