Эркиндик бульварынын чыгыш бөлүгү жабылмай болду

Жазылуу
Реконструкция иштерин 5-августка чейин жасап бүтүү пландалууда.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Борбор калаанын Эркиндик бульварынын чыгыш бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиргендей 5-июндан баштап реконструкция иштерине байланыштуу бульвардын чыгыш бөлүгүндө жол кыймылы токтотулат.

"Чүй проспектисинен Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүнө чейин жолдун асфальты алмаштырылып, жаңы бордюрлар орнотулат", — деп жазылат билдирүүдө.

Маалым болгондой реконструкция иштерин 5-августка чейин жасап бүтүү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0