Чет өлкөгө баруунун кажети жок! Кыргызстандык дарыгерлер бөйрөк алмаштыра баштады

© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРЭне жана баланы коргоо улуттук борборунда 24-май күнү кыргызстандык дарыгерлери тарабынан бейтаптын бөйрөгү трансплантацияланды
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 24-май күнү кыргызстандык дарыгерлери тарабынан бейтаптын бөйрөгү трансплантацияланды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта бөйрөгүн алмаштырган бейтаптын абалы жакшы. Жергиликтүү дарыгерлер операцияны өздөрү жасашкан.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 24-май күнү кыргызстандык дарыгерлер тарабынан бейтаптын бөйрөгү трансплантацияланды. Бул тууралуу аталган борбордон маалымдашты.

Билдирмеге караганда, операция профессор Камчыбек Узакбаев, Мирбек Байзаков, Назира Бейшебаеванын жетектөөсү менен жасалган.

"Дарыгерлер бейтапка тууганынын бөйрөгүн көчүрүштү. Учурда жарандын операциядан кийинки абалы жакшы. Донор беш суткадан кийин ооруканадан чыгарылса, бейтап 11 күндөн кийин үйүнө жиберилди. Лабораториялык көрсөткүчтөр канааттандырарлык", — деп айтылат маалыматта.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун оорулуу жана ара төрөлгөн ымыркайлар бөлүмү - Sputnik Кыргызстан
Апа, мен сизди көрөмбү?.. Ара төрөлүп, аппаратка байланган наристелер
Жогорку Кеңештин атайын депутаттык тобу дагы бейтаптын абалы менен таанышып кайткан.

"Бүгүнкү күндө Эне жана баланы коргоо улуттук борбору бөйрөктү трансплантациялоого даяр. Мындан ары биздин жарандарга чет өлкөгө чыгуу зарылчылыгы жоюлат деп ишенебиз", — дешти борбордон.

Билдирмеде жетишкендиктер менен кошо чечилбеген маселелер дагы болуп жатканы айтылат. Тагыраагы, иммуналдык изилдөө жана иммуносупрессивдик терапияны өнүктүрүүдө көйгөй бар экени белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0