Жаңы конуштарда жашаган аялдардын бизнес долбоорлорунун жарманкеси өтөт

Жазылуу
Жарманкеге "Социалдык ишкерлик аркылуу аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү" долбооруна тартылган 34 ишкер аял катышат.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бейшемби күнү Бишкекте ички миграцияга кабылган ишкер кыз-келиндердин бизнес долбоорлорунун "Айым баштайт" улуттук жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

Жарманкеге "Социалдык ишкерлик аркылуу аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү" долбооруна тартылган 34 ишкер аял катышат.

"Жарманкеде региондордон көчүп келип, Бишкектин тегерегиндеги Келечек, Көлмө, Ала-Тоо, Ак-Ордо жана Ак-Босого жаңы конуштарында жашаган 34 аялдын бизнес долбоорлору көрсөтүлөт. Негизинен алар кол өнөрчүлүк, тикмечилик, мектепке чейинки билим берүү, кызмат көрсөтүү жана ижара жаатындагы бизнестин түрлөрү", — деп айтылат билдирүүдө.

Долбоордун негизги максаты — ички миграцияга туш болгон аялдар арасында жумушсуздукту азайтуу жана алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0