Белгилүү боксчу Костя Цзю Ысык-Көлдө эс алып, ат минип кетти. Сүрөт, видео

© AFP / WILLIAM WESTБелгилүү боксчу Костя Цзю. Архив
Белгилүү боксчу Костя Цзю. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу Ысык-Көлгө 4-июнда келген, бүгүн учуп кетет.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Костя Цзю Ысык-Көлгө келгендиги тууралуу билдирүүнү Instagram баракчасына жүктөп, жаратылыштын сулуулугуна таң бергенин айткан. 

"Баарыңарга көңүлдүү күн. Саякаттаганды жактырам. Азыр Кыргызстандын Ысык-Көлүндө жүрөм. Ажайып көлдүн жанында жөн тура алган жокмун. Жок дегенде бутумду малгым келди. Албетте, суу муздак, бирок бул маанилүү эмес. Жаратылыш ар дайым дем күч, жакшы маанай тартуулап турат эмеспи", — деген Цзю.

Ошондой эле ат минип жүргөн видеосун маашырлана жүктөгөн. 

Константин (Костя) Борисович Цзю — советтик, россиялык жана австралиялык мушкер. Бокс боюнча СССРдин үч жолку чемпиону (1989-1991), Европанын эки жолку чемпиону (1989, 1991) жана спорт сүйүүчүлөр арасында дүйнө чемпиону (1991). WBC, WBA, IBF версиялары боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону.

Жаңылыктар түрмөгү
0