Азамат Болгонбаев: Илим Карыпбековго ишеним көрсөтпөөгө чакырам

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкын-импровизатор Азамат Болгонбаев
Акын-импровизатор Азамат Болгонбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Жогорку Кеңеште КТРКнын байкоочу кеңешинин отчету каралууда.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. КТРКнын байкоочу кеңишинин мүчөсү, төкмө акын Азамат Болгонбаев каналдын директору Илим Карыпбековго ишеним көрсөтпөө керектигин парламентте айтты.

Бүгүн Жогорку Кеңеште КТРКнын байкоочу кеңешинин отчету каралууда.

"Байкоочу кеңештин мүчөлөрүн Илим Карыпбековго ишеним көрсөтпөөгө чакырым. Сиздерди да Илим Карыпбековдун, байкоочу кеңештин отчетун кабыл албоого үндөйм", — деди ал.

Болгонбаев ошондой эле байкоочу кеңештин отчету менен макул эместигин айтып, ага 1,5 миллион долларга алынган көчмө студия кандай жол менен кимдер аркылуу алып келингени отчетте көрсөтүлбөгөнү себеп болгонун кошумчалады.

Депутат Жанар Акаев каршы пикирлер айтылып, тең салмактуулук болгон жерде өнүгүү болорун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0