Эскертүү! Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин үч көчөсү жабылат

© Фото / пресс-служба мэрии БишкекаДеятельность МП "Бишкекасфальтсервис"
Деятельность МП Бишкекасфальтсервис - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия унаа тыгыны жаралбашы үчүн альтернативдүү каттамдарды тандоону сунуштайт.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Борбор калаада оңдоо иштерине байланыштуу бир катар көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, 7-июнь күнү Тоголок Молдо көчөсүнүн Щербаков көчөсүнөн Саадаевге чейин жабылат. Ремонт иштери 15-августта бүтөрү күтүлүүдө.

Ремонт дорог в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Эркиндик бульварынын чыгыш бөлүгү жабылмай болду
7-июнда "Ак-Босого" жаңы конушундагы Профессор Зима көчөсү да жабылат. Бул аймакка арык, тротуар салынып, асфальт төшөлүп, жол белгилери коюлат. Оңдоо иштери 1-октябрга чейин уланышы божомолдонууда.

Реконструкция иштерине байланыштуу 9-июндан 15-июлга чейин Чүй проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө да жол кыймылы токтотулат.

Мэрия унаа тыгыны жаралбашы үчүн альтернативдүү каттамдарды тандоону сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0