Ысык-Көл КМШнын мыкты курортторунун тизмесинде экинчи орунга татыды

© Sputnik / Акылбек БатырбековОзеро Иссык-Куль в Кыргызстане
Озеро Иссык-Куль в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Негизинен туристтер Ысык-Көлдө 7 күндөн 14 күнгө чейин эс алышат.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Россиялык туристтер КМШдагы кайсы курортто көп эс алып жатканын ТурСтат аналитикалык агенттиги аныктады.

Ага ылайык, биринчи орунда Казакстандагы Бурабай курорту, андан кийин Кыргызстандагы Ысык-Көл көлү, Белорусиядагы Нарочь көлү алдыңкы үчтүккө кирген. Андан кийин Азербайжандагы Бильгя пляжи менен Армениядагы Севан көлү туристтерди өзүнө тартып турат.

Отды в озере Иссык-Куль в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлгө олимпиадалык база куруу пландалууда
Агенттиктин билдиришинче КМШ мамлекеттериндеги туристтик аймактарга россиялыктар 7 күндөн 14 күнгө чейин эс алганы келишет.

КМШдагы туристтик жерлерде эс алуунун баасы суткасына 50 доллардан 100 долларга дейре жетет. Анын ичинен эң арзаны Ысык-Көл (50 доллар), ал эми эң кымбаты Азербайжандагы Бильгя курорттору (100 доллар) саналат. Казакстандын Бурабайында бир күндүк эс алуу 80 долларды түзөт.

Негизинен КМШда эс алуу үчүн Москва, Подмосковье, Санкт-Петербург, Түштүк Урал жана Сибирдин жашоочулары келишет.

Рейтинг туристтердин көп барган курортторунун негизинде түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0