Бишкекте жолборс жетелеп жүргөн кишинин сүрөтү интернетке тарады

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүТигренок Шерхан и собака Табаки в Приморском сафари-парке
Тигренок Шерхан и собака Табаки в Приморском сафари-парке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет колдонуучулар бушайман болуп, айрымдары кооптонууларын билдиришти.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бишкекте жолборсту жетелеп жүргөн кишинин сүрөтү интернетке тарады. Сүрөт Бишкек шаарындагы Түштүк Магистраль көчөсүнөн тартылган.

Анда ак баш кийим, кара майка кийген киши трассанын ортосундагы жерден жолборсту жай-баракат жетелеп баратканын көрүүгө болот.

Интернет колдонуучулары буга бушайман болуп, айрымдары кишилерге кол салса эмне болот эле деген тынчсыздануусун билдиришти.

Буга чейин Бишкекте арстандын күчүгүн жетелеп жүргөн жарандын видеосу тараган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0