Түнкүсүн жол киреге 20 сом алган маршрутка айдоочусу. Мэрия жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековДень траура в Бишкек в связи с двумя трагическими событиями, произошедшими 27 августа, и унесшими жизни 23 граждан Кыргызстана
День траура в Бишкек в связи с двумя трагическими событиями, произошедшими 27 августа, и унесшими жизни 23 граждан Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбө жөнөткөн видеого айдоочу жүргүнчүнү "буга макул болбосоң түшүп кет" деп кагып-силкип жатканы түшүп калган.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Түнкү саат 23.00дөн кийин маршруттук таксилерди эч ким көзөмөлдөбөйт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов билдирди.

Буга чейин шаар тургуну №220 каттамдагы маршрутканын айдоочусу түнкү саат 12.00дөн кийин жол кирени 20 сомго көтөрүп алганына нааразы болуп кайрылган. Ал жөнөткөн видеодон айдоочу жүргүнчүнү "мындай баага макул болбосоң түшүп кет" деп кагып-силкенин көрүүгө болот

"Саат 23.00дөн кийин шаардык транспорт токтойт. Айдоочуларга "бааны көтөрбө, иште же иштебе" деп айта албайбыз. Бул боюнча укуктук норма жок. Жүргүнчүнүн арыздануусу туура эмес. Кааласа түшүп такси менен кетсин да. Ал маршрутка жеке такси катары иштеп жатат. Эгер мындай учур көп кайталанса, анан барып сүйлөшөбүз. Бир окуяны баарына кошуп айта берген туура эмес", — деди Атыканов.

Ал эми №220 каттамды тескеген "БайШам Транс" компаниясынын жетекчиси Мелис Кудайбергенов саат 23.00дөн кийин маршурттук таксилердин иши токтой турганын белгиледи. Бирок ошол каттам менен жүрүп бааны жогорулатып алганы канчалык мыйзамдуу экенин так түшүндүрө алган жок.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маршрутка бизнесинин башында ким турат? Компаниялардын тизмеси
"Түнкү саат 12ден кийинкиге тариф коюлган эмес. Муну эч нерсе кыла албайбыз. Эгер саат 23.00гө чейин болсо жооп берем. Макул, карап көрөйүн, мага унаанын номерин бергиле, айдоочуну чакырып тартипке салам. Түндө каттамга чыкпагыла дейин анда… Бирок биз так кесе көзөмөлдөй албайбыз. Балким ал жумушу менен жүргөндүр же үйүнө бара жатып жолдон киши ала кетейин дегендир. 200-300 сом менен таксиге отургандан көрө 20-30 сом төлөсө маршруттук таксиге да, жүргүнчүгө да пайдалуу эмеспи", — деди Кудайбергенов.

Маршруттук таксинин айдоочулары өзү иштеген фирмага, мамлекетке кандай суммада акча төлөп жана канча киреше таап жатканы туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0