Күч көрсөтүү. Архивдик сүрөт

Кыз ала качуу бүлө куруубу же адам уурдообу? 5 орчундуу пикир

510
(жаңыланган 18:05 12.06.2018)
Ала качууга дуушар болуп, анысы аз келгенсип, милиция бөлүмүндө өлтүрүлгөн 19 жаштагы Бурулай Турдалиеванын тагдыры коомчулукту дүрбөлөңгө салып, ала качуу темасын дагы бир ирет көтөрдү.

Кыргызда ала качуу деген терминди ар ким ар кандай колдонот. Кээ бири салт экен деп ушундай ыкма менен үйлөнсө, айрымдары бул жаман адат экенин айтып, аны токтотуу керек деп коңгуроо кагууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул талаш маселе боюнча компетенттүү адамдардын ой-пикирин билип көрдү.

Кыз ала качуу боюнча кайсы респонденттин пикири жакса, сүрөттүн оң жагындагы белгини басып, добуш берсеңиз болот

 

510
Белгилер:
салт, мыйзам, кыз ала качуу, кылмыш, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек: көчөдөн ала качып бара жаткан кызды күбөлөр алып калышты
Жаштардын шаан-шөкөттүү флешмобу Бурулайдын мугалим, курсташтарын капалантты
Люди стоят в очереди на тестирование коронавирусной болезни (COVID-19) в Пекине, Китай, 30 июня 2020 года

Дүйнөдө COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 12 миллиондон ашты

0
(жаңыланган 09:49 09.07.2020)
Дартты жуктуруп алгандардын сап башында АКШ турат. Ал жакта 3 миллиондон ашык адамга COVID-19 илешкен. Каза болгондордун саны боюнча да Америка биринчи орунда.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Жер жүзүндө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 12 миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтында жарыяланды.

Билдирмеге ылайык,коронавирус илештирип андан дарылангандардын саны 12 миллион 12 миң 125ке жетип, 548 миң 799 киши оорудан көз жумган.

Ал эми 6 миллион 533 миң 436 киши айыгып чыккан.

ДССУ Россиянын СOVID-19га каршы вакцинасына кызыгууда. Видео

Дартты жугузуп алгандардын сап башында АКШ мамлекети турат. Ал жакта COVID-19 жуктуруп алгандар 3 миллиондон ашты. Экинчи орундагы Бразилияда 1 миллион 700 миңден көп киши ооруган. Андан кийинки эле сапка Индия илинди. Бул мамлекетте коронавирус 742 миңден ашык адамга жуккан. Каза болгондордун саны боюнча да Америка биринчи орунда турат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирус инфекциясын пандемия деп жарыялаган.

0
Белгилер:
Бразилия, АКШ, статистика, коронавирус, Дүйнө
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Кишилер алкоголь ичимдиктер менен. Архив

Тез мас болот. Ысыкта ичимдик ичүүнүн кошумча зыяны айтылды

26
(жаңыланган 09:04 09.07.2020)
Эгер ысыкта алкоголдон баш тарта албасаңыз, анда газы жок, жеңил алкоголдук суусундуктарды тандаңыз.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ысыкта ичимдик ичүү өтө зыян. Анын кооптуу жактары тууралуу Sputnik радиосуна психиатр-нарколог Алексей Казанцев айтып бергендигин РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, ысыкта алкоголдук ичимдик ичүү, болгондо да өтө ашыкча ичип алуу ден соолукту бир топ жабыркатат. Анын үстүнө азыраак көлөмгө эле адам мас болуп калат.

"Сидр менен сыра аз газдалган жеңил алкоголдук ичимдиктерге кирет. Булар ашказанга бат сиңип, андан адам эрте эле мас болуп калат. Ал эми шекер кошулган вино жана ар кандай алкоголдук коктейлдер организмден көпкө чейин тарабайт", — деди Казанцев.

Мындан тышкары, ичип алган адам кырсыктап же бир жерин кокустатып алуусу толук мүмкүн.

Ден соолукка зыяны көп спирт ичимдиги аталды

Эгер ысыкта алкоголдон баш тарта албасаңыз, анда газы жок, жеңил алкоголдук суусундуктарды тандаңыз.

"Ага муз же муздак суу аралаштыруу керек. Ал үчүн күн чакчайып тийген жерде эмес, үстү жабык жайда жана кечкурун отурган оң", — деди Казанцев.

Ал эми эң башкысы, ысык болобу, суук болобу, ичкиликти ченеми менен ичкенди билүү керек.

26
Белгилер:
ичимдик, Суу, алкоголь, ысык, күн
Тема боюнча
Көңүлдү көтөрүп, иммунитетти бекемдөөгө шоколад сунушталды