Залкар кыргыз илимпоз-агартуучусу, коомдук ишмери Ишеналы Арабаевдин эстелиги

"Алиппенин" автору. Ленинге кат жазган Ишеналы Арабаев тууралуу 7 факты

3760
(жаңыланган 18:43 08.06.2018)
Кыргыз элинен чыккан алгачкы агартуучу-илимпоз Ишеналы Арабаев 85 жыл мурун дал бүгүн дүйнөдөн кайткан. Залкар инсан XX кылымдын башында кыргыз тарыхынын жана маданиятынын калыптанышына эбегейсиз салым кошкон.

Алгачкы “Алиппе” китебин жазып, улуттук алфавиттин уңгусун түзүп, кыргыз жазуу маданиятын калыптандыргандардын бири болгон Ишеналы Арабаевдин ишмердиги көп убакыт күн жүзүнө чыкпай, эми гана татыктуу ордун таап жатат. Кыска өмүрүн сабатсыз кыргыз калкы илимдүү-билимдүү болуп, өз маданиятын таанып билсин деген улуу максатка арнаган залкар инсан тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

Билимге арналган өмүр. Ишеналы Арабаев 1882-жылы Кочкор районунун Күн-Батыш айылында жарык дүйнөгө келген. 1900-жылы жергиликтүү мектепти аяктаган соң он жылга жакын кыргыз айыл-кыштактарында мугалим болуп эмгектенген. Агартуу жолундагы башкы максаттарын ишке ашыруу үчүн алгач өзүнүн билимдүү болуусу керек экенин түшүнүп,  1910-жылы Россиянын Оренбург шаарындагы "Кусания" медресесинде окуй баштайт. Бул жерде бир жыл билим алган соң Уфа шаарындагы "Галия" медресесинде эки жыл билим алат.

Мектеп ачып, элди окуткан. Арабаев студент кезинде эле коомдук иштерге катышып, бир катар илимий-агартуучу макалаларды жазат. 1911-жылы Казань шаарында акын Молдо Кылычтын "Кысса зилзаласын" кыргызча китеп кылып басмадан чыгарган. Ушул эле жылы казак студенти К.Сарсекеев менен бирге эки элдин балдары үчүн "Алиппе жаки төтө окуу" (Алиппе жана шар окуу) китебин жазат. Бир жылдан соң Оренбургда "Жазуу өрнөктөрү" китебин чыгарат. 35 беттен турган китепте жазуу эрежелери жана тамгаларды кооз жазуу үлгүлөрү түшүндүрүлгөн. Россиядан билим алып келген соң 1913-1916-жылдар аралыгында Көл жан Нарын аймактарында мектеп ачып, элдин сабатсыздыгын жоюу үчүн жан үрөп иштей баштайт.

Кытайда калган кыргыздарды кайтарган. Ишеналы Арабаевдин элге билим берүү максатына 1916-жылдагы Үркүн тоскоол болот. Эл менен Кытайдын Үч-Турпан деген жерине качып барат. Ал жерден 1917-жылдагы революциядан кийин өз мекенине кайтып келген. Агартуучу өз жерине келгенден кийин Кытайда калып калган мекендештерин кайтаруу үчүн алгылыктуу иштерди жасай баштайт. Элинин тагдырына кайдыгер болбой Лениндин өзүнө кат жазып, жаңы орногон бийликтен кыргыздарды алып келүүгө акча бөлдүртөт. Ал гана эмес, жеке өзү да Кытайга эки жолу барып кыргыздар менен жолугуп келет. Натыйжада 1920-жылы 300 миңге жакын кыргыз жана казак өз жерине кайтат.

Борбордук Азияда аялдан чыккан биринчи хирург жана академик Какиш Рыскулова. Архив
© Фото / из семейного архива Какиш Рыскуловой
Мугалимдерди даярдаган. Агартуучу жаңы орногон советтик бийликти кубануу менен кабыл алган. Бүт өмүрүн элдин сабатсыздыгын жоюуга арнаган ишмерге жаңы бийликтин карапайым калкты агартуу саясаты өтө жаккан. Бир катар жооптуу кызматтарда иштеп, өлкөнүн коомдук жана саясий иштерине активдүү катышып, аны менен бирге кыргыз мектептерине мугалимдерди даярдай турган алгачкы курстарды уюштурат. 1924-жылы Түркстан АССРинде уюшулган Илимий комиссияны жетектеп турганда арифметика, табият таануу жана география сыяктуу илимдерди камтыган бир катар окуу китептерин жарыкка чыгарат. Элдик оозеки чыгармаларды жыйноо менен бирге улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулунан “Манас” эпосунун вариантын жаздырып алуунун демилгечиси болгон.

Алгачкы "Алиппенин" автору. Арабаев 1924-жылы түзүлгөн Кыргыз автономиялуу облусунун коомдук иштерине да өз салымын кошкон. “Эркин-Тоо” гезитин негиздөөгө катышып, анын биринчи санына агартуучунун калемине таандык макала чыккан. Элди караңгылыктан чыгаруу максатында араб арибинин негизинде туңгуч кыргыз алфавитин, “Кыргыз алиппесин”, грамматика жана табият таануу боюнча биринчи кыргызча окуу китебин, “Сабатсыз чоңдор үчүн алиппени” жана кыргыз мугалимдерине колдонмо иретинде “Саамалык” аттуу китепче жазып, анда он бир сабактын үлгүсүн берген. Арабаевдин агартуу жаатындагы ишмердиги жалпы кыргыз элинин сабаттуу болуусуна өбөлгө болуп, ал жазган "Алиппе" улам жаңыланып олтуруп азыркы кезге чейин жеткен.

Репрессиянын курмандыгы. 1930-жылы башталган репрессия кыргыздын көптөгөн тың чыкма азаматтарынын башын жуткан. Ошол каардуу заманда “Социал-Туран партиясын” уюштурган деген жалган жалаа менен камакка алынгандардын катарында Ишеналы Арабаев да бар эле. Ал 1933-жылы 11-майда камакка алынып, Фрунзеден Ташкенттеги түрмөгө которулган. Ошол эле жылы 7-июнда эртең менен Арабаев жаткан камерага ташкенттик тергөөчү С.Левшин кирип чыккан. Ал эми кечинде камерадан Ишеналы Арабаевдин сөөгү табылган. Илимпоз 1958-жылы толугу менен акталган.

Унутулбаган өмүр. Ишеналы Арабаевдин аты Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетине берилген. Окуу жайдын ичинде музей уюштурулуп, анда улуу инсандын эмгектери жана китептери коюлган. Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Туура-Суу айылындагы мектеп жана маданият үйү улуу инсандын атын алып жүрсө, Уфа шаарында анын урматына эскерүү тактасы коюлган. Ал жыйырмага жакын китеп жазган.

3760
Белгилер:
репрессия, алиппе, маданият, билим, илим, факты, Ишеналы Арабаев, Кыргызстан
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (358)
Тема боюнча
Кыргыздын залкарлары "жашаган" адабият жана искусство музейи
Душманды жалгыз жок кылган. Генерал-майор Дайыр Асанов тууралуу 7 факты
Ыр жазган, эл башкарган. Чыгаан саясатчы Бекмамат Осмонов тууралуу 6 факты
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архив

Курсан Асанов пневмония болуп ооруканага түшүп, соту жылдырылды

60
(жаңыланган 00:52 11.07.2020)
Эске салсак, шаардын Биринчи май райондук сотунда Асановго козголгон кылмыш иши боюнча жараян болмок. Курсан Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден кетти" деген негиз менен 2019-жылы 13-августта кызматтан бошотулган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов өпкөнүн эки тараптуу пневмониясына чалдыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.

Ал шаардагы ооруканалардын биринде дарылана баштаганын айтып, буга байланыштуу сот жараяны жылдырылганын кошумчалады.

Эске салсак, шаардагы Биринчи май райондук сотунда Курсан Асановго карата козголгон кылмыш иши боюнча жыйын болмок.

Суракка чакырылган экс-министр Космосбек Чолпонбаев оор абалда ооруканага түштү

Курсан Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден кетти" деген негиз менен 2019-жылы 13-августта кызматтан бошотулган. Ага карата кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган.

Анын артынан жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу кармалып, кийин үй камагына чыгарылган. Ал эми өкүл баласы Турсунбек Бейшенбековду ушул жылдын 20-январында Аскер прокуратурасы сурактан кийин кармаган. Бирок баш коргоо чарасын тандаган сот аны үй камагына чыгарган. Мындан сырткары, Асановдун жубайы жана туугандары да суракка чакырылганы айтылган.

Ал эми уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланган.

60
Белгилер:
кылмыш иши, сот, оору, оорукана, пневмония, Курсан Асанов
Тема:
Курсан Асановдун министрдин орун басарлыгынан алынышы
Тема боюнча
Саламаттык сактоо министринен пневмония, орун басарынан COVID аныкталды
Дарыгер шаардык клиникалык ооруканада. Архив

COVID жана пневмонияны дарылаган ооруканаларга бирден өкмөт мүчөсү бекиди. Тизме

369
(жаңыланган 22:01 10.07.2020)
Буга чейин өкмөт башчы борбор калаадагы коронавирус жана пневмонияны дарылаган ар бир мамлекеттик ооруканага бирден өкмөт мүчөсү бекитилерин айткан. Ал өкмөт мүчөлөрү оорукананын башкы дарыгери менен "тең жатып, тең турарын" кошумчалаган.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы коронавирус жана пневмония дарттарын дарылап жаткан ар бир ооруканага министрлик жана ведомстволордун жетекчилери бекитилгенин кабарлап, алардын тизмесин жарыялады.

Эске салсак, буга чейин өкмөт башчы Кубатбек Боронов борбор калаадагы коронавирус жана пневмонияны дарылаган ар бир мамлекеттик ооруканага бирден өкмөт мүчөсү бекитилерин айткан. Премьер-министр бекиген өкмөт мүчөсү ошол жерден ишин баштап, ошол жерден жумушун бүтүрөөрүн, оорукананын башкы дарыгери менен "тең жатып, тең турарын" кошумчалаган.

  • Улуттук госпиталь — вице-премьер Акрам Мадумаров;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — вице-премьер Эркин Асрандиев;
  • Жугуштуу оорулардын республикалык клиникалык ооруканасы —вице-премьер Аида Исмаилова;
  • "Семетей" обсервациясы (Ганси) — өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров;

Бишкектеги кырдаал сабак болсун! Президент облус башчыларына тапшырма берди

  • Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы — тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;
  • Улуттук урология борбору — юстиция министри Марат Жаманкулов;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов;
  • Темир жол ооруканасы — транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов;
  • Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институту — эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров;
  • Улуттук онкология борбору — эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров;

Кыргызстанга анализ жыйынтыгын 30-45 мүнөттө көрсөтчү ПЦР-тесттер келди

  • Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору — коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эрлис Тердикбаев;
  • "Континент Интергельпо" обсервациясы — маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов;
  • №2 төрөт үйү — милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрайымы Эльнура Боронбаева;
  • Көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын атайын билим берүүчү мектеп-интернаты — мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев;
  • Абдылда Каниметов атындагы №1 интернат — мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов;
  • №6 шаардык клиникалык оорукана — архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров.
369
Белгилер:
пневмония, коронавирус, тизме, көзөмөл, оорукана, өкмөт, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Германиядагы кыргызстандык дарыгерлер онлайн кеп-кеңеш бере баштайт