Эсепти чемичкедей чаккан кыргызстандык балдар сынакта 1-орунду алды

© Фото / Алия Турар кызыМеждународные соревнования по ментальной арифметике в Иссык-Куле
Международные соревнования по ментальной арифметике в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Менталдык арифметика боюнча жарышта жеткинчектер экранга чыккан үч орундуу сандарды эң көп дегенде 1, эң аз дегенде 0,2 секундада кошуп кемитүүгө жетишкен.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдүн жээгинде менталдык арифметиканын FOC форматы боюнча (Fast Oral Count — оозеки тез эсептөө) II эл аралык сынагы болуп өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучулар билдирди. 

Маалыматка караганда, 1-3-июнь аралыгында өткөн конкурска Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Тажикстандан келген 4 жаштан 16 жашка чейинки балдар катышкан. 

© Фото / Алия Турар кызыЫсык-Көлдүн жээгинде менталдык арифметиканын FOC форматы боюнча II эл аралык сынагы өттү
Международные соревнования по ментальной арифметике в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдүн жээгинде менталдык арифметиканын FOC форматы боюнча II эл аралык сынагы өттү

Олимпиадада жалпысынан 18 комплект алтын, 30 күмүш жана 48 коло медаль ойнотулган.

"Натыйжада жалпы командалык эсепте кыргызстандык "Интеллект" борборунун балдары биринчи орунду ээледи. Казакстандан келген Lets жана "Акменар" тобу экинчи орунду бөлүп алды. Ал эми үчүнчү орунга казакстандык Uniquekids менен дагы бир кыргызстандык "Звездочки" борборунун балдары ээ болду", — дешти уюштуруучулар.

Белгилей кетчү жагдай, акыл жарышында балдар экранга чыккан үч орундуу сандарды эң көп дегенде 1, эң аз дегенде 0,2 секундада кошуп кемитүүгө жетишкен.

Конкурстун расмий ачылышына Кыргызстандын билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова, Жогорку Кеңештин социалдык маселелер жана билим берүү комитетинин өкүлү Чатыргүл Бекишева, JICA япон агенттигинин туруктуу өкүлү Кикучи Казухико жана кыргыз-япон борборунун директору Канат Көлбаев катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0