Балага Интернеттен кооптуу тапшырмалар берилүүдө. ИИМ коңгуроо кагып жатат

© AFP / ANTHONY WALLACEТелефон кармап көчөдө бараткан бала. Архив
Телефон кармап көчөдө бараткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыска убакыттын ичинде мессенджердин "кооптуу" тайпасына миңден ашуун адам кошулган. Айрым видеолордон окуялар Бишкек менен Ошто болуп жатканын байкоого болот.

Популярдуу мессенжерлердин биринле кыргызстандыктарды ар кыл тапшырмаларды аткарууга чакырган тайпа пайда болду. Мисалы, гипермаркет ичинде башынан ылдый сүт куюу же жүрүп бараткан троллейбустун үстүнө чыгуу өңдүү тапшырмалардын аткарылышын тасмага да тартып алуу шарт.

Тайпанын катышуучулары тапшырмаларды бүйүр кызыткан шартта аткарып, тасмасы сапаттуу болсо акчалай байгелер берилери убадаланган.

Айрым тасмалардан тапшырмалар Бишкек жана Ош шаарларында аткарылып жатканын байкоого болот.

Аталган тайпага кыска убакыт аралыгында миңден ашуун колдонуучу кошулган. Редакцияга ушул топко көңүл бурууга чакырган бишкектик өспүрүмдүн апасы кайрылды.

"Уулум үчүн корком мен. Азыр өспүрүм куракта. Аталган топто андайлар толтура. Эмне деп жазышкандарын окуп чыктым. Адегенде лимонду камера алдында жеп, анан троллейбустун үстүнө чыгууну тапшырышат. Курулуш кранынын учунда илинип турууну айтышат. Кийин бирөөнү өлтүрүүгө түртсө, эмне болот? Милиция кай жакты карайт?" — деп жазган аял.

Тайпанын администратору эмне дейт?

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы мессенжердеги тайпанын администратору менен байланышканда, ал аталган топ көңүл ачуу үчүн ойлоп табылганын айтты.

Колунда илгич кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ата-эне баласын эмнеге көгала койдой сабайт? Кордолгон наристе көрсөң кыя өтпө
"Бул Бишкек, жалпы эле Кыргызстан аймагы үчүн кан кызыткан оюн катары гана ачылган. Катышуучуларды бул тапшырмаларды аткарууга мажбурлабайбыз, максатты жана биз төлөп берүүгө даяр болгон сумманы гана жарыялайбыз. Алар аткарып, тасмаларын жөнөтүшөт", — деп жооп берди администратор.

Тасмалалар келечекте акы алынып көрсөтүү пландалган YouTube каналына жүктөлүп жатат. Топтун катышуучулары кандай коркунучка дуушар болуп жатканын аңдап билер-билбесин сураганыбызда "алардын өмүрү өздөрүнүн гана колунда" деген жооп узатты.

"Милиция биздин ишти териштирерин билип турабыз. Бирок биз Кыргызстанда эмеспиз. Анан да биз мыйзамсыз эч нерсе жасаган жокпуз", — деди ал.

Милициянын аракети

ИИМ маалымат кызматынан мессенжерлердеги ар кандай тапшырмаларды аткарууга акча төлөнгөндүгү тууралуу маалыматтар текшериле тургандыгын билдиришти.

Продажа спиннеров в Москве - Sputnik Кыргызстан
Евробиримдик спиннер оюнчугун кооптуу товардын катарына кошту
"Айрымдарга бул эрмек катары көрүнөөр, бирок бул абдан кооптуу. Тайпанын катышуучулары ушинтип акча табабыз деп троллейбустардын чатырына чыга башташты. Муну менен алар өз өмүрүн тобокелге салып жатышат. Андай кадамдарга барардан мурун, бир өмүр буга арзыйбы деп ойлонгула", — дешти ИИМден.

Милиция топтун катышуучулардан администраторлордун убадаларына ишенбөөнү, таасирине берилбөөнү өтүнөт.

Баса, Sputnik редакциясына тайпага жазылгандардын бири кайрылып, бир тапшырманы аткарганын бирок убадаланган акы берилбегенин айтып берди.

Зеригүүдөн улам тобокелге салынган өмүр

Психолог Ольга Коржованын пикиринде, жылдан жылга мындай тайпалар кеңири тарап барат.

"Өспүрүмдөр — мындай тайпалардын негизги катышуучулары. Көпчүлүгү мындай топторго көңүл ачуу, жашоо кызыгын арттыруу үчүн киришет, ал эми акча алар үчүн жагымдуу кошумча акы иретинде гана. Мындай уюмдарды козголоңчу деп атоого да болот, себеби алар коомдо түптөлгөн адаттарга каршы келет. Тапшырмалар таратылган мындай топтор желеде башка адамдар тарабынан көңүл ачуу жана пайда табуу ниетинде ойлоп табыларын, ал эми өспүрүмдөр алардын акыл азгырыгынын курмандыгы болорун балдар эстен чыгарбоого тийиш", — дейт ал.

Адис бул топту былтыр көп баланын өмүрүн алган вирустук "Көк кит" оюнуна салыштырат.

Коржова ата-энелерди балдарынын турмушуна кызыгып, аларга көбүрөөк көңүл буруу зарыл экендигин кошумчалайт.

Балдарды кантип коргоп калууга болот?

Психолог Ильдар Акбутин өз кезегинде ата-энелер балага басым жасабай, тигил же бул тайпаны жаап салуусун талап кылбашы керек деп эсептейт.

Фестиваль кочевников в ущелье Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Эшекке теңебейт! Бала тарбиялоодогу 7 "болбойт"
"Эгер буга чейин балаңыз менен мамилеңиз анчейин болсо, бир сутканын ичинде идеалдуу ата-эне болуп калууга аракет кылбаңыз. Катыы кысымдан зыян гана болорун эстен чыгарбаңыз. Балага көбүрөөк көңүл буруп, сүйлөшүңүз, жашоосунда эмне болуп жатканына кызыгыңыз. Бала үчүн жакын дос болуудан өтөөрү жок", — деди адис.

Акбутин өспүрүмдөрдүн көбү мындай аракеттерди оюн көрүп барып жатат деген пикирге кошуларын, бирок каражат жагын да четке какпаш керек экенин белгиледи. Ал балдарга мындай жол менен акча табуу туура эмес экенин түшүндүрүү кажет деп эсептейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0