Бишкекте эмгектеген бөбөктөрдүн чемпионаты өтөт

Жазылуу
Иш-чара 16-июнь күнү Бишкектеги соода борборлордун биринде 15:00дө башталат.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Борбор калаада эмгектеген ымыркайлардын жарышы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдады.

Билдирүүгө таянсак, иш-чара 16-июнь күнү соода борборлордун биринде 15:00дө башталат.

"Мелдешке буту баса элек 7 айдан 9 айга чейинки бөбөктөр катышат. Алар үч мүнөттүн ичинде ар бир бөлүнгөн сызыктан 10 метр аралыкты жөрмөлөп өтүш керек. Наристеси марага биринчи келиш үчүн ата-энелер ар түрдүү ыкманы колдонсо болот ", — деп жазылат маалыматта.

Эң күлүк ымыркайлар баалуу белектер менен сыйланат.

Былтыр да күлүк бөбөктөрдүн жарышы өткөн. Жүрөк эзилткен бир жыл мурунку мелдештен көз ирмемдер.

Жаңылыктар түрмөгү
0