Ак-Талаа районундагы Ак-Талчат көпүрөсү

Абылгазиев Нарындын Ак-Талаасындагы чуулуу көпүрөнүн курулушун көрөт

113
(жаңыланган 23:33 08.06.2018)
Өкмөт башчы иш сапардын алкагында бир нече объектилерди кыдырып чыгары пландалууда.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 8-июнда, Нарын облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Ара-Көл айылындагы жаңы мектептин курулушуна капсула салуу аземине катышып, Кочкор районунун Кочкор айылындагы сүт заводунун жана Нарын районунун Жан-Булак айылындагы "Жийде-Бак" үрөн чарбасынын иши менен таанышат.

Ошондой эле Ак-Талаа районундагы Ак-Талчат көпүрөсүн калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөп, Ат-Башы ГЭСинин ишин көрөт.

Мындан тышкары, Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери үчүн салынып жаткан турак жайдын курулушунун жүрүшүнө күбө болуп, Нарын облустук бириккен ооруканасынын терапия бөлүмүнүн абалы менен таанышмакчы.

113
Белгилер:
иш сапар, Мухаммедкалый Абылгазиев, Ак-Талаа району, Нарын облусу
Тема боюнча
Жээнбеков Кытайда кимдер менен жолугуп, кандай маселерди талкуулайт
Ак-Талаада ара жолдо калгандар Нарын дарыясынан аркан менен өтүүдө. Видео
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

49
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

49
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды
Противогаз кийген ӨКМ кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Оштогу күйдүргү: ооруканада канча киши калды

90
(жаңыланган 21:36 14.08.2020)
Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында 24-августка чейин 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ошто күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөндөрдүн арасынан бирөөндө гана вирус аныкталды. Калган жети киши үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Күйдүргү бир адамдан чыкты, калганы таза экен. 24-августка чейин айылда 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 11-августта Ош шаарынын Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында күйдүргүгө шектелгендер болуп жатканы маалымдалган. Ош облустук клиникалык ооруканасы 2-августтан тарта сегиз бейтап түшкөнүн билдирген. Кийинчерээк бир кишиден күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталып, Тогуз-Булак айылы карантинге алынган. 

90
Белгилер:
анализ, вирус, күйдүргү, Ош
Тема боюнча
Ош: күйдүргү чыккан уй эмделбегени үчүн ветеринарлар жазаланды