Жашоо үчүн маанилүү дары-дармектер жеткиликтүү боло баштады

© Sputnik / Алексей Панов / Медиабанкка өтүүДары-дармектер. Архив
Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документти ишке ашыруу жарандарды алды менен таасирдүү, сапаттуу жана коопсуз дары каражаттары менен камсыздоого багытталган.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмеси бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө калктын ден соолугуна кам көрүүнүн ажырагыс бөлүгү катары дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири болуп саналары айтылат.

"Тизмедеги дары-дармектер — саламаттык сактоонун артыкчылыктуу муктаждыктарын камсыздаган дары каражаттары", — деп жазылат маалыматта.

Бул документти ишке ашыруу жарандарды алды менен таасирдүү, сапаттуу жана коопсуз дары каражаттары менен камсыздоого багытталган. Тизменин негизинде медициналык жардамдын кепилденген көлөмү көрсөтүлүп, мамлекеттик сатып алуулар ишке ашырылат. Мындан тышкары, дары-дармектердин баасы боюнча программасы жүргүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0