Муниципалдык кызматтар мыйзамсыз негизде орнотулган аттракциондорду алып жатат

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган аттракциондор алынып жатат. Сүрөт

120
(жаңыланган 23:33 08.06.2018)
Мыйзамсыз түрдө орнотулган аттракциондор коопсуздук нормаларга жана санитардык талаптарга жооп бербейт.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Муниципалдык кызматтар мыйзамсыз негизде орнотулган аттракциондорду алып жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

  • Муниципалдык кызматтар мыйзамсыз негизде орнотулган аттракциондорду алып жатат
    Муниципалдык кызматтар мыйзамсыз негизде орнотулган аттракциондорду алып жатат
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Эмен багы, Кайың жана Жаңгак токоюнан 10 батут алынды
    Эмен багы, Кайың жана Жаңгак токоюнан 10 батут алынды
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Мэриянын алдындагы Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынан белгилешкендей, мыйзамсыз негизде орнотулган аттракциондор коопсуздук нормаларга жана санитардык талаптарга жооп бербейт.
    Мэриянын алдындагы Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынан белгилешкендей, мыйзамсыз негизде орнотулган аттракциондор коопсуздук нормаларга жана санитардык талаптарга жооп бербейт.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 3
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Муниципалдык кызматтар мыйзамсыз негизде орнотулган аттракциондорду алып жатат

Эмен багы, Кайың жана Жаңгак токоюнан 10 батут алынды.

Мэриянын алдындагы Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынан белгилешкендей, мыйзамсыз негизде орнотулган аттракциондор коопсуздук нормаларга жана санитардык талаптарга жооп бербейт.

120
Белгилер:
аттракцион, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте өзүм билемдик менен курулган кафе буздурулду. Сүрөт
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт

144
(жаңыланган 23:26 28.02.2021)
Сегиз жаштагы бала соцтармак аркылуу президентке кайрылып, мектеп куруп берүүнү өтүнгөн. Алгач өлкө башчынын аны менен жолуга албай турганы айтылып, кийин видео аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болгон.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от turdushev (@bekbolotturduh)

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.

Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.

Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.

Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.

Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.

144
Белгилер:
Бекболот Турдушев, Садыр Жапаров, мектеп, президент, жолугушуу
Тема боюнча
Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт
 Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов. Архив

ЖК депутаты Алмазбек Акматов каза болду

234
(жаңыланган 23:51 28.02.2021)
Эл өкүлү узак убакыттан бери оору менен алышып келгени айтылды. Депутаттыкка чейин бир катар кызматтарды аркалаган.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.

Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.

Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.

Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.

Депутаттыкка чейин СССРдин Коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.

234
Белгилер:
оору, депутат, Алмаз Акматов
Тема боюнча
СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиев 84 жаш курагында дүйнө салды