Сактанганды сактайт! ӨКМ сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековОзера на территории Карагачевой рощи
Озера на территории Карагачевой рощи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери Кыргызстанда 24 адам сууга чөгүп кетти.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Кыргызстанда 24 адам сууга чөгүп кетти. Алардын ичинен 15и эркек, төртөө аял жана бешөө кичине бала экенин ӨКМден билдиришти.

Маалыматта сууга чөгүп кетүүгө чабак урганды билбегендик, мас абал, жээктен өтө алыстап кетүү, тааныш эмес жерге сууга түшүү сыяктуу жагдайлар себеп болору айтылат.

Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматы сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин сунуштайт:

— чоңдордун көзөмөлүндө, түшүүгө уруксат берилген жерде гана чабак урса болот;

— тааныш эмес жерге түшпөй эле койгон оң. Анткени суунун алдында таш, дөңгөч сыяктуу мурда чөгүп кеткен нерселер болушу мүмкүн, алардан жараат алуу анча татаал эмес;

— суу алдындагы өсүмдүктөр жыш өскөн жерге түшпөй койгон оң;

Суудагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Индияда үч киши өз ажалын видеого тартып алган
— жакшылап чабак урганды билбеген адамдар баллон менен жээктен өтө алыстабай эле койгону жакшы. Анын жели чыгып кетсе, өмүргө коркунуч жаралат.

Суу жээгинде эс алуу трагедиялуу аяктабашы үчүн куткаруучулар сууга түшүүдөгү бардык эрежелерди карманууга чакырат. Ошондой эле суудагы коопсуздукту камсыздай турган кажараттарды алдын ала камдап алуу сунушталат.

Ал эми сууга тумчугуп калган адамдын өмүрүн кантип сактап калса болорун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0