Дарыгерлер: Кыргызстанда бөйрөгүн алмаштыргандардын кээси балалуу болду

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель Национального центра охраны материнства и детства Камчыбек Узакбаев(в центре), уролог Сапар Макеев(справа) и хирург Мирбек Байзаков
Руководитель Национального центра охраны материнства и детства Камчыбек Узакбаев(в центре), уролог Сапар Макеев(справа) и хирург Мирбек Байзаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу күн сайын каттала турчу көрүнүш эмес. Анын үстүнө мындай операцияны чет өлкөлүк адистердин көмөгү жок эле кыргыз дарыгерлеринин жасашы жакшы саамалык.

24-май күнү Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кыргызстандык дарыгерлер 26 жаштагы жигиттин бөйрөгүн трансплантациялады. Окуя бир ай мурун болгон менен Саламаттык сактоо министрлиги бул жаңылыкты жакында эле кабарлаган.

© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРКыргызстандык дарыгерлер 26 жаштагы жигиттин бөйрөгүн 21 жаштагы тууганыныкына алмаштырды. Донор беш суткадан кийин ооруканадан чыгарылса, бейтап 11 күндөн кийин үйүнө жиберилген
Родственная трансплантация почки в КР - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык дарыгерлер 26 жаштагы жигиттин бөйрөгүн 21 жаштагы тууганыныкына алмаштырды. Донор беш суткадан кийин ооруканадан чыгарылса, бейтап 11 күндөн кийин үйүнө жиберилген

Sputnik Кыргызстан агенттиги алтын колдуу дарыгерлерди студияга маекке чакырып, бөйрөк алмаштыруу, гемодиализ жана бөйрөк оорусу тууралуу сүйлөштү. Суроолорубузга аталган борбордун жетекчиси Камчыбек Узакбаев, хирург Мирбек Байзаков жана уролог Сапар Макеевдер жооп беришти.

— Операция тууралуу айтып берсеңиздер, кандай өттү?

Мирбек Байзаков.: — 26 жаштагы жигиттин бөйрөгүн 21 жаштагы тууганыныкына алмаштырдык. Ал бала январь айынан бери гемодиализ алып, бизге март айында кайрылган. Донор табылган соң экөөнү тең Казакстанга анализ тапшырууга жиберип, майдын соңунда Кыргызстанда операция болду. Бөйрөгүн берген адам беш суткадан кийин ооруканадан чыгарылса, бейтап 11 күндөн кийин үйүнө жиберилди. Лабораториялык көрсөткүчтөр канааттандырарлык.

— Мындай операция Кыргызстанда буга чейин жасалчу беле же бул биринчисиби?

Бейтапты текшерип жаткан медайым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бейтап катуу айтса да, сөгүнсө да көтөрөбүз. Мээрман айым Эсенбаева менен маек
Камчыбек Узакбаев.: — Жок, буга чейин жасалчу. Бөйрөк алмаштыруу Кыргызстанда орчундуу, көйгөйлүү маселе болуп эсептелгендиктен бейтаптын көбү бөйрөгүн мурда чет өлкөдөн алмаштырып келгенге аргасыз эле. Ага 35 миң доллардан 50 миңге чейин кетет. Андан сырткары жол киреси, жатаканасы дегендей. Азыр гемодиализге кезекке тургандардын саны көбөйүп, бөйрөк оорусуна кабылгандар да арбыды. Мындан улам биз өлкөдөн трансплантация кылууну ойлой баштадык. Бул маселеде бизге белоруссиялык белгилүү дарыгер аябай жардам берди. Биринчи жолу 2012-жылы алардын жардамы менен кыргыз жаранына операция жасадык. Андан кийин дагы белоруссиялык дарыгерлердин көмөгү менен кыргызстандык 15 жарандын бөйрөгү трансплантацияланды. Келген сайын алар реаниматолог, анастизологдору менен медициналык жабдуу, дары-дармектерин кошо ала келчү. Биз дагы операцияга кирип жүрүп "өз алдынча бөйрөк алмаштыра аласыңар" деген эл аралык сертификатын алдык. Ошондон кийин Жогорку Кеңешке кайрылып, өкмөттөн бөйрөк алмаштырганга аппарат, медициналык жабдууларды алуу үчүн 21 миллион сом бөлдүрдүк. Андан кийин дарыгерибиз Мирбек Байзаков Түркияга барып бөйрөккө операция жасоо боюнча бир жыл акысыз окуп келди. Кыргызстандык дарыгерлер азырынча өз алдынча үч адамдын бөйрөгүн алмаштырдык. Белоруссиялык дарыгерлердин операциясын кошкондо өлкөдө жалпы 18 адамдын бөйрөгү трансплантацияланды.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев: Биз монополияга каршы агенттик менен бирге операциянын баасын бекиткенбиз. Азыр Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруунун наркы 7000 доллардын тегерегинде.
Директор Национального центра охраны материнства и детства Камчыбек Узакбаев - Sputnik Кыргызстан
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев: Биз монополияга каршы агенттик менен бирге операциянын баасын бекиткенбиз. Азыр Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруунун наркы 7000 доллардын тегерегинде.

— Чет өлкөдөн операция жасатуу 35-50 миң доллар болсо, бизде андан арзанбы?

К. У.: — Биз монополияга каршы агенттик менен бирге операциянын баасын бекиткенбиз. Азыр Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруунун наркы 7000 доллардын тегерегинде. Бирок жардамга муктаж, акча-каражаты жетпеген адамдарга меценаттар жардам берип жатат, андан тышкары, дары-дармектерин алууга ФОМС аркылуу көмөк көрсөтүүдөбүз. Жакында эле операция жасаган баланын материалдык каражаты жетишсиз болгондуктан 5000 долларга алмаштырып бердик.

— Бөйрөгүн алмаштыргандардын арасында жаш балдар дагы барбы?

М.Б.: — Биз операция кылгандардын эң кичинекейи 13 жаштагы бала эле. Талап боюнча 10 жаштан ылдый албайбыз.

— Бир бөйрөгү жарабай калгандардын баарына эле операция жасала бербесе керек?

Дарыгерлер операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күнүнө 50дөн адам каза табат. Жүрөктү жабыркаткан коркунучтуу 8 дарт
М.Б.: — Гемодиализдеги адамдардын баары эле операцияга макул боло бербейт. Көбү айыгып кетебиз деген үмүт менен гемодиализге эле келип жүрө берет. Бөйрөк алмаштырууда биринчи кезекте донор табуу керек. Бардык каалоочу донор боло албайт. Ал үчүн анын дени сак, жаш курагы өтө улуу же өтө жаш болбошу керек. Ошондой эле анализдери дал келип, таза чыкпаса, операция кылган күндө деле салынган бөйрөк жарабай калышы мүмкүн. Бейтап канчалык гемодиализди көп алса, ошончо ден соолугу начарлайт. Аны операция кылыш үчүн жүрөк жана башка органдарын бир сыйра кайра дарылап чыгуу зарыл. Мындан улам алардын баарынын бөйрөгү алмаштырыла бербейт.

— Бул ооруга кабылгандан кийин бейтап канча убакытка чейин гемодиализ менен жүрө алат?

К. У.: — Кыргызстанда гемодиализ алып 25 жылдан бери жүргөндөр бар. Бирок жашоо сапаты начарлайт. Бөйрөк алмаштырбаса гемодиализди эки-үч күндө бир алып туруш керек, алыска чыкканга болбойт, ал адам аппаратка байланып калат. Ошондой эле башка органдарга да терс таасирин тийгизип, акырындап отуруп башка илдеттер менен дагы ооруй баштайт.

М.Б.: — Бөйрөк алмаштырган адам убагында дары-дармегин эле ичип турса жетет. Ал спорт менен алектенип каалаган жагына бара алат.

© Sputnik / Табылды КадырбековХирург Мирбек Байзаков: бардык каалоочу донор боло албайт. Ал үчүн анын дени сак, жаш курагы өтө улуу же өтө жаш болбошу керек. Ошондой эле анализдери дал келип, таза чыкпаса, операция кылган күндө деле салынган бөйрөк жарабай калышы мүмкүн.
Хирург в национальном центре охраны материнства и детства Мирбек Байзаков - Sputnik Кыргызстан
Хирург Мирбек Байзаков: бардык каалоочу донор боло албайт. Ал үчүн анын дени сак, жаш курагы өтө улуу же өтө жаш болбошу керек. Ошондой эле анализдери дал келип, таза чыкпаса, операция кылган күндө деле салынган бөйрөк жарабай калышы мүмкүн.

— Бөйрөк алмаштыргандан кийин кыз-келиндер төрөй алышабы?

М.Б.: — Беш бала төрөйт деп кепилдик бере албайбыз, бирок 1-2 балалуу боло алат. Операция болуп, үйлөнүп, балалуу болгон бейтаптарыбыз бар.

С.М.: — Жакында эле Ташкенттен келип, автовокзалдан келе жатсам бизде эң биринчи жолу бөйрөгү алмаштырылган Нурмухаммед деген балага жолугуп калдым. Мени көрүп кубанып, "байке, жакшы кабарым бар, үйлөнүп кыздуу болгом" деди.

— Биз былтыр бөйрөк оорусу тууралуу материал жасап жүрүп гемодиализге байланган жаш балдардын көп экенине күбө болгонбуз. Учурда бул оору менен жабыркаган канча бала бар?

К.У.:— Учурда бизде гемодиализге 16 бала келип жүрөт. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору ачылганга чейин балдардын гемодиализ бөлүмү эч жерде жок болчу. Бул ишти биз 1995-жылы баштаганбыз. Анын үстүнө бөйрөк оорусуна кабылган жаш балдар мурда аз эле, жылдан-жылга алардын саны көбөйүп бара жатат.

— Бул илдет эмнеден улам келип чыгат? Себептерин түшүндүрүп кетсеңиздер.

С.М.: — Бөйрөктүн иштебей калышына көбүнчө гломерулонефрит деген илдет себеп болот. Бул оору менен жабыркаган жаш балдардын 10 пайызы гемодиализге байланып калат. Ал эми гломерулонефрит түрдүү инфекциядан пайда болот.

Чоңдор көбүнчө ден соолугуна зыяндуу жерде, мисалы май куюуучу, кен казуу жайларында иштегенде гемодиализ алганга аргасыз болуп калууда.

© Sputnik / Табылды КадырбековУролог Сапар Макеев: жакында эле Ташкенттен келип, автовокзалдан келе жатсам бизде эң биринчи жолу бөйрөгү алмаштырылган Нурмухаммед деген балага жолугуп калдым. Мени көрүп кубанып, "байке, жакшы кабарым бар, үйлөнүп кыздуу болгом" деди
Уролог в национальном центре охраны материнства и детства Сапар Макеев - Sputnik Кыргызстан
Уролог Сапар Макеев: жакында эле Ташкенттен келип, автовокзалдан келе жатсам бизде эң биринчи жолу бөйрөгү алмаштырылган Нурмухаммед деген балага жолугуп калдым. Мени көрүп кубанып, "байке, жакшы кабарым бар, үйлөнүп кыздуу болгом" деди

— Оорунун алдын алууга болобу?

— Ал үчүн адам жашоо образын жакшыртыш керек. Ичкен тамакты карап, майлуу, туздуу ашты аз жеген оң. Ошондой эле айрыкча жаш балдарды УЗИге түшүрүп, анализ тапшыртып туруш керек. Себеби кээ бирлер оору өтүшүп кеткенде келип жатат. Эгер зааранын анализинен белок чыкса, көңүл кош калтырбай жакшылап дарыланбаса ал өнөкөт бөйрөк оорусуна айланып кетет.

— Бөйрөк алмаштырууда бейтаптар Казакстанга барып анализдерин тапшырып келет деп калдыңыздар…

К.У.: — Биз учурда биринчи кезекте анализдерди чыгарган лабороторияга муктажбыз. Өлкөгө андайдын төрт-бешөө деле зарыл эмес. Бирөө эле жетмек. Анан бөйрөк алмаштырылгандан кийин бейтаптар кымбат баада дары ичүүдө, мамлекет көмөк көрсөтүп, дары-дармегин акысыз кылып берсе да жакшы болмок.

— Андай лабороторияны куруу үчүн канча акча керектелет?

К.У.: — Бир миллион долларга жетпеген акча. Тарых музейине кеткен каражаттын 0,1 пайызын түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0